Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Тарых кЇЇсЇндйгЇ инсан Сыдык Карачев Туулганына 110 жыл

14 Июн 2010
(нет перевода)
2010 — жылдын 10 — июнунда Улуттук китепкананын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө болуп өткөн иш-чаранын 2 — бөлүгү кыргыздын алгачкы агартуучусу, жазуучу Сыдык Карачевдин 110-жылдык юбилейине арналды.
Аталган бөлүмдүн кызматкери Замир к. Надира чогулгандарга С. Карачевдин өмүр баяны жана чыгармачылыгы жөнүндө кыскача маалымат берип, ушул датага арналып түзүлгөн көргөзмө менен тааныштырды.

Сыдык Карачев алгачкы чыккан “Эркин Тоо” газетасынын активдүү уюштуруучуларынын бири болгон. Ысык-Көлдүн Түп аймагынын Жылуу- Булак айлында 1900-жылы туулган.
Алгачкы билимди Караколдогу татар мектебинен алган.
1918-жылы Кызыл гвардиялык отрядка жоокер болуп кирип, Ак-Суу, Лепси, Черкасск багытында ак гвардиячыларга каршы күрөшкөн. 1920-жылы Бухара эмирлигин талкалоого катышкан.
1921-23-жылдары Ташкент шаарындагы В. И.Ленин атындагы аскер окуу жайында окуган. 1923-жылы Каракол шаарындагы “Союз кошчу” уюумунда иштеген.
1924-жылы “Эркин Тоо” газетасынын жоопту катчысы катары, кыргыздын жазма адабий тилин өнүктүрүүгө чоң салым кошкон.
С.Карачевдин алгачкы ырлары, аңгемелери татар, казак тилинде жазылып, “Шуро”, “Көмөк”, “Тилши” газеталарында,”Жас кайрат” журналында жарык көрүп турган. “Теңдик жолунда”, “Төр ага Зейнеп” аттуу пьесалары, “Эрксиз күндөрдө” аттуу аңгемелер жыйнагы китеп болуп араб тамгасында басылып чыккан.
А.С. Пушкиндин, Л.Н. Толстойдун, А.П. Чеховдун жана башкалардын чыгармаларынан тандап кыргыз тилине которгон.
Көргөзмөгө С.Карачевдин китептеринен тышкары жазуучунун чыгармалары жөнүндө макалалар, эскерүүлөр коюлду.
Тилекке каршы бул адамдын өмүрү, чыгармачылыгы көпкө узабай, сталиндик репрессиянын курманы болгон.