Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Тарых жана ата-бабаларды, саясий репрессиянын курмандыктарын эскеруу куну

08 Ноя 2017
2017-жылдын 8-ноябрда А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын юридикалык адабият бөлүмүндө “Тарых жана ата-бабаларды, саясий репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнүнө” арналган көргөзмө уюштурулду.
Тарыхый оор учурларды эске алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 26-октябрынын № 231 жарлыгынын негизинде 7 жана 8-ноябрь “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү” деп жарыяланды. Бул күнү биз өлкө тарыхындагы эң маанилүү жана кайгылуумезгилдерди эскеребиз.
Репрессияга туш болгондор көргөн азап-тозокту алардын туугандары жана жакындары кошо тартышкан. Нечен күнөөсүз адамдарга “эл душманы” жана “эл душманынын куйруктары” деген жарлык тагылган.
1937-жылы сталиндик репрессиянын курмандыгы болуп атылып кеткен 137 адамдын сөөгү Чоң-Таш деген жерден 1991-жылы 70 жылдан кийин казылып алынып, кайра чоң салтанат менен көмүлгөн. Бул жерде бейкүнөө атылып, кийин кайра акталган кыргыздын залкар мамлекеттик жана маданият ишмерлери Төрөкул Айтматовдун, Жусуп Абдырахмановдун, Касым Тыныстановдун, Баялы Исакеевдин ж.б. сөөктөрү жатат. Репрессия курмандыктары түбөлүк жай алган жер Чыңгыз Айтматовдун сунушу менен “Ата-Бейит” деп аталып калган.
Бул көргөзмөгө тиешелүүмакалалар жана китептер коюлду.
Дареги: Бишкек ш. Ю.Абдрахманов көч.208
Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын юридикалык адабият бөлүмү.
Тел: 30-50-64