1940-жылы Кыргыз мамлекеттик пединституттун орус тили жана адабияты бөлүмүн аяктап, 1940-1942-жылдары СССР ИАнын Кыргыз филиалында “Манас” секторун жетектеген. 1942-жылы өзүнүн каалоосу менен согушка суранып кетип, 1944-жылы Украина фронтунан жарадар болуп, Мекенине кайтып келген.
1944-1949-жылдары Кыргыз ИАнын “Манас жана фольклор” секторунда илимий кызматкер, фольклор секторунда башчы болуп иштеген учурунда үчилтиктин 21- томун басмага даярдап, “Чоң казаттын” орусча котормосун өзүнчө китеп кылып чыгарган. “Семетей” эпосун изилдеп, ага баатырдык лирикалык поэма катары баа берген. Казактын окумуштуусу М. Ауэзовдун жетекчилиги астында “Манас” эпосу боюнча диссертациялык иш колго алган.
Адабиятта көркөм котормонун калыптанышына да өзүнүн салымын кошкон. Жазуучунун котормосунда немец жазуучусу Э. Распенин “Мюнхаузендин башынан өткөндөрү” (1936), Д. А. Фурмановдун “Чапаев” (1939) ж.б. орус классиктери И. Тургеневдин, Л. Толстойдун, А. Фадеевдин чыгармаларын которуп, өз окурмандарына тартууланган.
Жазуучунун “Кытмыр өлдү” деген чыгармасы орус тилине которулган. Анын котормосунда А. Треневдин “Любовь Яроваясы”, А Островскийдин “Сепсиз кыз” аттуу пьесалар кыргыз драма театрында коюлган. 1989-жылы “Жигиттер” деген пьесасын режиссер И. Рыскулов сахналаштырып театр көрүүчүлөрүнө тартууланган.
СССР Жазуучулар союзуна (1936) мүчө болгон. 1950-жылы ал жалган жалаа менен репрессияга туш болуп, 10 жылга эркинен ажыратылып, 1952-жылы 2-февралда дүйнөдөн кайткан. 1955-жылы акталган
Китеп көргөзмө Т.Байжиев басып өткөн жолу боюнча материалдар, ал жөнүндөгү макалалар коюлду.
Дареги: Бишкек ш. Ю.Абдрахманов көч. 208
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы.
Тел: 30-50-57