Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Тарыхта калган талант”

02 Ноя 2015
2015-жылдын 30-октябрында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын “Кыргыз китеби” бөлүмүндө кыргыз элинин көрүнүктүү адабиятчысы жана адабий сынчысы Бүбү Керимжанованын туулган күнүнүн 95 жылдыгына арналган “Тарыхта калган талант” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
Б.Керимжанова Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Бөрү-Баш айылында туулган.
Билимге зерик кыз айылдык мектепти аяктаган соң 1937-жылы Кыргыз педагогикалык жумушчу факультетин, 1941-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөндөн кийин, Кыргыз СССРинин Эл агартуу комиссариатында инспектор, Ысык-Көл райондук Эл агартуу бөлүмүнүн бөлүм башчысынын орун басары, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Президимунун референти болуп иштелген.
1947-1950-жылдары Кыргыз ССринин ИАнын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, 1951-1976-жылдары сектор башчысы, Кыргыз ССР ИАнын мүчө-корреспонденти болгон.
Б.Керимжанова кыргыз адабиятынын тарых жана теориясына арналган 10дон ашык китептердин, анын ичинен 7 монографиянын, 100 басма табактан ашуун илимий макалалардын, 10-класс үчүн “Кыргыз адабияты” окуу китебинин автору.
Анын “Кыргыз макалалары жана лакаптары” (1948), “Кыргыз совет адабияты 25 жылда” (1951), “Жоомарт Бөкөнбаев” (1910-1944), “Акындын чыгармачылык жолу” (1960), “Семетей жана Сейтек” (1961), “Ч.Айтматовдун айрым чыгармаларында автор жана каарман проблемасы” (1988) аттуу илимий эмгектери жана илимий популярдуу китептери бар.
Үзүрлүү илимий-изилдөөчүлүк менен бирге коомдук ишмердүүлүктү да эриш-аркак алып жүргөн окумуштуу Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген кызматкер, Эл агартуусунун отличниги деген ардактуу наамдарга татыктуу болгон. Эмгек Кызыл-Туу, Ардак белгиси ордендери жана медалдары менен сыйланган.
Китеп көргөзмө Бүбү Керимжанованын басып өткөн жолу боюнча материалдар, ал жөнүндөгү макалалар коюлду.
Дареги: Бишкек ш. Ю.Абдрахманов көч. 208
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы.
Тел: 30-50-57