Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

ТАТТЫБҮБҮ ТУРСУНБАЕВА – ТУБАСА ТАЛАНТ

ТАТТЫБҮБҮ ТУРСУНБАЕВА – ТУБАСА ТАЛАНТ
28 Дек 2023

2023-жылдын 28-декабрында Алыкул Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын маданият жана искусство бөлүмүндө театр жана кинонун актрисасы, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын 80 жылдыгына арналган «Таттыбүбү Турсунбаева – тубаса талант» деп аталган китеп сүрөт көргөзмөсу орун алды. Таттыбүбү Турсунбаева — 1944-жылдын 12-июлунда Нарын облусунун Чаек кыштагында төрөлгөн. 1960-жылы 16 жашында “Салиманын ыры” аттуу кыска метраждуу тасмада биринчи жолу тартылган. 17 жашында Ташкенттеги А.Н.Островсөрү институтунун “Драма жана киноактеру” факультетине тапшырып, 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын группасына кирген. Театрда дүйнөлүк жана советтик классикасынан У.Шекспир, Лопе де Вега, Г.Лорка, Ч.Айтматов, М.Карим жана Е.Шварцтын чыгармалары боюнча сахнага 30 дан ашуун эстен кеткис образдарды алып чыккан: Жульетта , Амелия, Фелисьяна, Асел, Анвар жана башкалар. Ошону менен бирге кинодо да жаркын элестерди жараткан. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, СССР кинематографисттер союзунун жана Кыргызстан кинематографисттер союзунун мүчөсү. Таттыбүбү Турсунбаева Кыргызстандын эң атактуу актрисасы болгон. Ал «сахнанын ханышасы» деп айтышчу. Таттыбүбү Турсунбаева кыргыздын көп кинолоруна катышып, кызыктуу каармандарды жараткан. Ал «Ак Мөөр», ролунда башкы каармандардын, ал эми «Кызыл алма» фильминде бейтааныш сулуунун ролун ойногон. “Ак Мөөр” фильминен соң Таттыбүбү Турсунбаеваны кыргыздар “Соң-Көл чүрөгү” деп аташкан. Таттыбүбү Турсунбаева сахнада керемет ролдорду жаратып алардын көбү дүйнөлүк жана советтик классикалык чыгармалардагы образдарды болгон. Көргөзмөдө ал жөнүндө китептер, журналдар, сүрөттөр орун алды.