Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Тазабек Саманчин

29 Май 2014
2014-жылдын 23-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын мезгилдүү басылмалар бөлүмүнүн залында Тазабек Саманчиндин 105 жылдыгына арналган «Таанымал адабиятчы, сынчы, котормочу жана драматург» аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулган.
Кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө өзүнүн зор салымын кошкон белгилүү адабиятчы, сынчы, котормочу жана драматург Тазабек Саманчин улуу акын Токтогулду изилдеп академиялык жыйнак чыгарган биринчи окумуштуу. Ал жазган «Чоңдор үчүн алиппеси» 5 ирет 500 миң нуска менен басылып чыккан.

«Молдо Кылыч жазгыч акын» деген темада диссертация жазып филология илиминин кандидаттыгын алган биринчи окумуштуу болгон. Илимий ишинде «Улуттук ката кетирген» деген жалган жалаа айып менен 1950–1955-жылдары түрмөдө отурган. 1955-жылы толугу менен акталып, 1938-жылдан баштап СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон. Т. Саманчин көп кырдуу талант, «Берметтин уландары», «Абышкалардын жоругу», «Тоо арасында» аттуу пьесаларды жазган.
Котормочу катары В. Белинскийдин, М. Горькийдин, Л. Толстойдун, Цао Юйдун, А. Чеховдун, М. Поповдун, В. Духовичныйдын ж. б. классик-жазуучулардын чыгармалары кыргыз тилине которулуп, журтчулукка таанылган. Т. Саманчин биринчилерден болуп «Манас» эпосун орус тилине сөзмө-сөз которгон.
Ал илимпоз-жазуучу, котормочу гана эмес адабият боюнча мектеп окуучуларга арнап, «Кыргыз адабиятынын тарыхынын очерктери», 7-классы үчүн адабият боюнча окуу китеби «Кыргыз тили жана адабияты» окуу программаларынын түзүүчүсү болгон. «Лакаптан – романга» деген адабий, илимий жана сын макалалар жыйнагын түзгөн.
Көргөзмөгө анын китептери, жыйнактары, ага арналган окумуштуулардын китептери, макалалары публицистикалык материалдар коюлду. Окурмандар китеп көргөзмөсү менен таанышышса болот.