Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Тегерек стол: «Санариптик чөйрөдө китепканалардын ишин заманбап уюштуруунун приоритеттүү багыттары»

Тегерек стол: «Санариптик  чөйрөдө китепканалардын  ишин  заманбап  уюштуруунун  приоритеттүү  багыттары»
04 Апр 2025

3-апрелде Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында “Санариптик чөйрөдө китепканалардын ишин заманбап уюштуруунун приоритеттүү багыттары” деген темада тегерек стол болуп өттү.
Аталган тегерек столго КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын, К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынын, И. Арабаев атындагы илимий китепканасынын жана республикабыздын бардык региондорунан келген облустук, райондук, шаардык китепканалардын жетекчи кызматкерлери катышты.
Ошондой эле Ташкент маалымат технология университетинин профессору М. А. Рахматуллаев, Россиянын IDLogic компаниясынын генералдык директору С. Никулин, соц.илимдеринин кандидаты, IDLogic өнүктүрүү тобунун жетекчиси Г.В. Гильдебрант да чакырылган.
Тегерек столдун максаты КР коомдук китепканаларынын ишин заман талабына жараша уюштуруп, жаңылануу менен катар чечиле турган маселелерди талкуулоо жана өзгөчө санариптик чөйрөдө китепканалардын ишин автоматташтыруу, АБИС программасынын негизинде электрондук каталогдорду түзүү, республикалык масштабда бирдиктүү “Улуттук электрондук контентти” түзүү ж.б маселелерди талкуулоо менен чечим кабыл алуу болду.
Тегерек столду А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепкананын директору А.А. Аскарова ачып, отурумдун максатына, чечилүүчү маселелерге токтолуп, учурда китепканалар билим, илимдин ири сактоочу жайы гана болбостон, билим берүү, маданий жана маалыматтык ишмердүүлүктүн борбору болуп эсептелерин баса белгиледи. “Санариптик технологиялардын ылдам өнүгүшү бизден китепкана ишин уюштуруудагы жаңы мамилелерди талап кылууда. КР Улуттук китепканасы жаңы доорго кадам таштады. «Жаны муундун китепканасы» — санариптештирүү жана модернизациялоо боюнча масштабдуу долбоор, анын максаты — китепкананы билимдин, технологиянын жана маданияттын заманбап борборуна айлантуу» — деди А. Аскарова.
Андан соң КР маданиятын модернизациялоодо күтүлүп жаткан иш-аракеттер, анын ичинде китепкана иши боюнча министрлик тарабынан көрүлүп жаткан өзгөртүүлөр, жаңылыктар тууралуу КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Г.К. Абдыкалыкова маалымат берди.
КР коомдук китепканаларынын санариптик чөйрөдө аткарып жаткан иштери, проблемалары боюнча аналитикалык талдоо жана алардын ишин трансформациялоодогу негизги багыттары боюнча И. Арабаев атындагы КМУнун Илимий китепканасынын директору Н. А. Давлетярова орус тилинде айтып өттү.
Ташкент маалымат технология университетинин профессору М. А. Рахматуллаев Борбор Азия мамлекеттеринин китепкана ишин трансформациялоодо бирдиктүү китепканалык саясатты жүргүзүү — “Орто-Азия республикаларынын маалыматтык инфратүзүмүн түзүүчү эл аралык китепканалык ассоциациянын ишмердүүлүгү” деген темада сөз сүйлөп, ал эми окурмандарды заманбап технологияларды, жеRFDI колдонуу менен тейлөө тууралуу маселелерге IDLogic компаниясынын генералдык директору С.А. Никулин токтолду.
Коомдук китепканалардын китепканалык иш процесстерин комплекстүү автоматташтырууда “Библио-Про” программасын колдонуу боюнча IDLogic иштеп чыгуу тобунун жетекчиси Г.В. Гильдебрант айтып берди.
Мындан соң көтөрүлгөн маселелер боюнча талкуу болду.