Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Тил – элдин кййнйрбйс кенчи

17 Фев 2017
2017-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын фойесинде Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында “Эл аралык эне тил күнүнө” арналган “Эл өмүрү – эне тилинде” аттуу китеп көргөзмөсү жана “Тил – элдин көөнөрбөс кенчи” аттуу адабий музыкалык кечеси өткөрүлдү.
Бул иш-чараны Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы Т.Б. Мамытов кириш сөз менен ачты. Бүгүн ушул кереметтүү имараттын ичин толкутуп турган адабий кече жана зор салтанат Кыргызстан элинин Ассамблеясы жана Улуттук китепкана менен биргеликте даярдаган Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында “Эл өмүрү – эне тилинде” аттуу китеп көргөзмөсү жана “Тил – элдин көөнөрбөс кенчи” адабий музыкалык кечеси калк арасындагы достук жана бир туугандык мамилелердин данакери сыпатында өткөрүлүп жаткандыгы баарыбызды кубандырат деп баса белгиледи.
Сөз Улуттук китепкананын илим боюнча директорунун орун басары Р.Буларкиевге берилип, ал төмөнкүлөргө токтолду. Сиздер, Кыргыз элинин Ассамблеясы улуттар аралык биримдикти чыңдоодо, эне тил дөөлөттөрүн өркүндөтүүдө зор салым кошуп жатканыңыздар жалпы журтчулукка кеңири анык. Албетте жан дүйнөсү, улуттук рухий байлыгы, мекенди сүйүү сезими тил аркылуу ишке аша тургандыгы да белгилүү. Кылым карыткан улуу сөз тил болгондуктан, аны өркүндөтүп, дүйнөгө тааныткан эне тилибизге таза мамиле жасоо ар бирибиздин милдетибиз. Мамлекеттик деңгээлде кыргыз тилин өстүрүүдө “2014-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасы” кабыл алынган.
Тил боюнча дүйнөлүк маалыматтарга кайрылсак, 2001-жылы ЮНЕСКО тил маселесин карап, дүйнөдө 6000ден ашуун тил калгандыгын билдирген. ХХ кылымдын башында 20000ден ашуун тил болсо, XXI кылымда 6000 тил калып, башкача айтканда, кылым ичинде 20 тилден жок болууда.
Ар бир тил лингвистикалык феномен, ал миң жылдап түптөлүп жаралат. Индонезия аралындагы элдердин, Африка, Австралиядагы майда тилдер жоголуу коркунучунда болууда. ЮНЕСКО жыл сайын ар бир эл, улут өзүнүн эне тилин сактасын деген пикирин дүйнө жүзүнө сунуш киргизген. Бир сөз менен айтканда, мен да, сен да, ал да – баарыбыз эне тилге күйүшүбүз керек. Ошондо гана эне тилибизди кийинки муундарга жеткире алабыз .
КР Президентине караштуу Мамлекеттик Улуттук тил комиссиясынын төрагасы Н. Ишекеев, кыргыз эл жазуучусу А.Жакшылыков, Украинанын коомдук “Берегиня” диаспорасынын төрагасы В.В.Нарозялар сөз сүйлөшүп, тил коом менен, коомдук аң-сезим, эгечарба менен жарыша өнүгөт, өсөт. Тилден күчтүү, сөздөн ыйык курал жок. Баарынан кеп улук, оболу сөз жаралган дешкен байыркы бабаларыбыз. Ал эми Н.Ишекеев мамлекеттин уюткусун түзгөн улут катары биз – кыргыздар – терең билимибиз, интеллектибиз, бай маданиятыбыз, иштермандыгыбыз жана жүрүм-турумубуз менен башка мекендештерибизге үлгү болуп, өз ичибизге тарта алганда гана алар тилибизди кадырлап, салт-санаабызды сыйлайт деп ойлойм деп өз пикирин билдирди. Акын, Карачайлар диаспорасынын мүчөсү Ф.Ю.Байрамкулова, Дунган диаспорасынын мүчөсү А.Х. Совазалар көркөм чеберчиликте кыргыз тилинде, орус жана дунган тилдеринде ыр окуп беришти. КР эл артисти С.Каримов К.Урманбетовдун “Ата журт” аттуу ырын жана уйгур тилинде да ыр аткарып берди.
Иш-чара жакшы маанайда өтүп, катышуучулар кызуу колдошту.