Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Тйлйгйн Мамеевдин 75 жылдыгы

27 Ноя 2013
2013-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында көрүнүктүү акын Төлөгөн Мамеевдин 75 жылдыгына арналган
“Жүрөгүм ырдап турат, ыйлап турат,
Ырларды кудайындай сыйлап турат” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү, поэзия кечеси өткөрүлдү.
Китеп-сүрөт көргөзмөнү Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору, профессор Ж. К. Бакашова кириш сөз менен ачты. Акындын басып өткөн жолуна, анын чыгармачылыгына токтолуп, кыргыз адабиятына, поэзиясына чоң салым кошкондугун белгилеп өттү.
Кыргыз эл жазуучусу М. Абакиров, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер, акын М. Мамазаирова, жазуучу С. Жетимишов, Кыргыз эл акыны С. Тургумбаев, Кулуев Кожогелди, А. Алымбаевдерге сөз берилип, алар акын Төлөгөн Мамеевдин ырлары эң биринчи кезекте табигыйлуулугу менен өзгөчөлөнөт, поэзияны таптаган акын, окурмандарды суктандырган ырларды жаратып жүрөсүз, бүгүнкү күндүн чыныгы акынысыз, сиздин поэзия жанрына кошкон салымыңыз өтө чоң, мындан ары дагы кыргыз поэзиясын жандандырып өз ырларыңызды кыргыз элине тартуулап жүрө бериңиз деп өз каалоо-тилектерин билдиришти. Абдрахман Алымбаев өз сөзүндө 2005-жылы “Тоолор менен сүйлөшүү” аттуу китеби жарыкка чыкты. Ошол китепте 3 поэма бар, мына ошол поэмалар кыргыз поэзиясында мыкты жазылган шедевр, лирикалуу мыкты ырлар болуп саналат деп жогору баалады.
Т Мамеевдин алгачкы ырлары райондук, республикалык газеталарга, “Ала-Тоо” журналына жарыяланып келген. Республикалык басма сөздөрдө “Дүбүрт”, “Жаштык сапар” деген ыр жыйнактары жарыяланган.
Анын 1975-жылы “Ажайып дүйнө” аттуу алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн.
Т. Мамеевдин “Жүрөктүн ыры”, “Кызыл таң”, “Менин жазым”, “Ата-Журт ажары”, “Ыйманды тазалай көр, жаңы кылым” деген ырлар жана поэмалар жыйнагы басмадан китеп болуп басылып чыкты.
Анын ырлары алтай, казак, орус, өзбек тилдерине которулган. Бир катар макалалары, очерктери, фельетондору жарыяланган.
Ал орус классиктери С. Есениндин, М. Лермонтовдун, Г. Лорканын, Абайдын чыгармаларын которуп окурмандарга тартуулаган.
Т. Мамеев СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери”, “Кыргыз Республикасынын эл акыны” наамдарынын ээси, Ардак грамоталар менен сыйланган.
Көргөзмөдө Т. Мамеев жөнүндөгү материалдар, анын китептери, макалалары, интервьюлары, фотодокументтери жана ал жөнүндөгү баяндамалар, ой-пикирлер, каалоолор коюлду.
Көргөзмөнүн ачылышына акындар, жазуучулар, маданият кызматкерлери, студенттер, окуучулар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
Китеп-сүрөт көргөзмөсү катышуучулар тарабынан кызуу колдоого алынып, өз максатына жетти.