Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Тоголок Молдо (Байымбет Абдрахманов) — “Улуу акын, ойчул жана агартуучу”

22 Июн 2015
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында 2015-жылдын 17-июнунда “Кыргыз китеби”бөлүмүндө” кыргыздын туңгуч жазгыч акыны Тоголок Молдонун (Байымбет Абдрахманов) 155 жылдыгына байланыштуу “Улуу акын, ойчул жана агартуучу” аттуу китеп көргөзмөсү коюлду.
     Тоголок Молдо жөнүндөгү маалыматтар көргөзмөнүн 3 бөлүгүндө:
 1.Көп кырдуу көркөм өнөр адамы
 2.Улуу акындын тарыхый мурастары
3.Тоголок Молдонун замандаштары деген сыяктуу бөлүмдөрүндө көптөгөн китептери, эпикалык поэмалары, тамсилдери, юмордук чыгармалары жана ал жөнүндө жазылган монографиялар, брошюралар, макалалар, очерктер, эскерүүлөр, кабарлар, маалыматтык билдирүүлөр, ошондой эле калемдештеринин, замандаштарынын чыгармачылык портреттери коюлду.
   
  Тоголок Молдонун чыгармаларында элдик ырлардан, кошоктордон тартып, “Шырдакбек”, “Жаңыл Мырза”, “Мендирман”, “Эр Эшим” дастандарына, кыргыздын монументалдуу эпосу “Манас”, үчилтигине чейин бар. Ал “Телибай тентек”, “Жети таз менен жеке таз”, “Бабыркан” деген жомокторду жана башка легендаларды кайра иштеп элге жеткирген.
  Ал эми тамсилдеринде (“Бөрү менен түлкү”, “Эшек менен булбул”), поэмаларында (“Кемчонтой”,” Манаптардын залимдиги”, “Куба кой менен ээсинин айтышканы” ж.б.) бөрүдөй ачкөз залимдери, түлкүдөй куулары сынга алынат.
  Акындын балдарга арналган “Үркөр-үркөр топ жылдыз” “Турумтай”, “Торпогум”, “Куштардын аңгемеси”, “Жер жана анын балдары” аттуу чыгармаларында өз өлкөсүнүн жаратылышы, тоолору, суулары, өсүмдүктөрү жөнүндө философиялык ойлорун билдирген.Ошондуктан аны балдар адабиятынын негиз салуучусу деп бекеринен айтышпаса керек.
   Китеп көргөзмөгө Тоголок Молдонун 50 дөй  китептери,гезиттен алынган материалдары коюлду.