А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнун окуу залында 2020-жылдын 19-июнунда демократ акын Тоголок Молдонун (Б. Абдрахманов) туулган күнүнө 160 жыл (1860-1942) толгонуна карата китеп көргөзмө ачылат.
Абдрахманов Байымбет (Тоголок Молдо) 1860-жылы июнь айында Тянь-Шань областынын Куланак районундагы Куртка айылында туулган.
Атасы Абдрахман элдик ырларды, жомокторду жакшы билгендиктен, Тоголок Молдо он төрт жашынан ыр жаза баштаган. “Кара көз”, “Толгонай”, “Жигиттин кызга ырдаганы” деген ырларын жана “Үрпүкан” поэмасын жараткан. Байымбет он төрт жашка келгенде атасы Абдрахман дүйнөдөн кайтып, чөбүрөгөн жаш балдар жетим калышат. Мурунтан эптеп жан сактап келген үй-бүлө дагы кыйын күнгө туш келет. Атасынын бир тууганы Музооке жетимдерди асырап, колунан келишинче жардам берет. Музооке Байымбеттин ырга шыктуулугун, акын болууга далалаты күүчтүүлүгүн сезип, анын көркөм дүйнөсүн өнүктүрүү масатында Тыныбек манасчы сыяктуу таланттуу адамдарга жолуктурат.
Көп узабай эле Музооке да дүйнөдөн кайтат. 1878-жылы Токмоктогу тайкелерине барат да, Кара-Дөбө деген жерде туруп калышат. Байымбет эмгекти сүйүү менен бирге билимге умтулган адам эле. Жалданып иштеп жүрүп да, өзүнүн кат сабатын ачууну көздөп, молдолордон окуйт.
Тоголок Молдонун чыгармаларында элдик ырлардан, кошоктордон тартып, “Шырдакбек”, “Жаныл-Мырза”, “Мендирман”, “Эр Эшим” дастандарына, кыргыздын монументалдуу эпосу “Манас” үчилтигине чейин бар. Ал “Телибай тентек”, “Жети таз менен жеке таз”, “Бабыркан” деген жомокторду жана башка легендаларды кайра иштеп элге жеткирген.
Акындын кошокторунда “Дыйкандын аялынын кошогу”, “Мергенчинин аялынын кошогу” жана арман ырларында “Чалга берген кыздын арманы”, “Насыяга берген кыздын арманы” жөнөкөй адамдардын эмгеги, адамкерчилиги, чыныгы турмушу айгинеленет.
Ал эми тамсилдеринде “Бөрү менен түлкү”, “Эшек менен булубул”, поэмаларында “Кемчонтой”, манаптардын залимдиги, бөрүдөй ач көздүгү, түлкүдөй куулары сынга алынып, каармандардын типтүү образдары чагылдырылган. Совет бийлигинин алгачкы мезгилдеринде жаңы замандын артыкчылыгын даңазаланган “Өзгөрүш”, “Аялдар азаттыгы”, “Аткан таң менен сүйгөн бай”, “Эркиндик” деген поэмаларды жазган.
Акындын балдарга арналган “Үркөр-үркөр топ жылдыз”, “Турумтай”, “Торпогум”, “Куштардын ангемеси”, “Жер жана анын балдары” аттуу чыгармаларында өз өлкөсүнүн жаратылышы, тоолору, суулары, өсүмдүктөрү жөнүндө философиялык ойлорун билдирген. Ошондуктан аны балдар адабиятынын негиз салуучусу деп бекеринен айтышпаса керек.
Ал 1939 жылы кыргыз искусствосунун Москвадагы декадасына катышып, өкмөт тарабынан “Ардак белгиси” ордени менен сыйланган. Акынга арналып Бишкек шаарында эстелик тургузулуп, бир көчөгө анын ысымы коюлган.
Тоголок Молдонун 160 жылдыгына карата уюштурулган көргөзмөгө 21 китеп, монографиялар, брошюралар, макалалар, ошондой эле калемдештеринин, замандаштарынын акынды эскерген материалдары орун алды.