Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Токтогул Сатылгановго 150 жыл

24 Апр 2014
2014-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басмалар бөлүмүнүн залында Улуу төкмө акын, комузчу, аткаруучу жана композитор Т. Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү уюштурулду. Турмуштун далай кыйынчылыгын башынан өткөргөн Токтогулдун ырчылыгы 13 жашында эле айыл арасына дайын боло баштаган. Анын ырчылык сезиминин эрте ойгонушуна биринчилерден, өзү байкаган чөйрө, элдин кыйын турмушу себеп болсо, ошону менен катар эле энеси зор таасир тийгизген. Атасы Сатылган жамактатып ырдаган ырчылыгы бар, куйкум сөздүү куудул болсо, энеси Бурма акылдуу, адамга мээримдүү, ошол аймактагы ашкан кошокчу аял болгон. Алар Токтогулга кыргыздын оозеки чыгармаларынан: ырларынан, жомоктордон, дастандардан айтып берип турган.
Бара-бара анын ырчылык таланты чыңдалып, өзү да ыр чыгара баштайт. Кылымдар бою кыргыз эли түзгөн акыл-ой мурастарын, оозеки чыгармаларын үйрөнүп, алардын терметкен назик үнүнө таасирленген. Бир ооз сөздөн турган макал-лакаптардан, табышмактардан тартып ири монументалдуу “Манас” эпосуна чейин түзүп, аларды сактап келген кыргыз элинин традициясын өздөштүргөн. Оюн-зоок, аш-тойлордо көбүрөөк болуп, элдик ырларды, сүйүү лирикасын кулак төшөп угуп, комуздун мукам үнүн, табышмактуу кайрыктарын көкүрөгүнө түйүп, өз доорунун Сарыбай, Эсенман, Чоңду, Бекмурат (Балыкооз), Ниязалы, Накен сыяктуу атактуу акын, комузчулардан таасир-таалим алган.

Акын алгачкы мезгилдеги чыгармаларында бай-манаптардын зордукчулугун, социалдык теңсиздикти ашкерелеп, карапайым калктын теңчилик заманды эңсеген үмүт-тилегин туюнткан. “Беш-Каман”, “Чакырбай сүткор”, “Эшен-калпа”, “Үйчүлүк эшен”, “Муратбек” сыяктуу ырларында ал эл тарабында туруп, алардын таламын талашат. Ушундан улам жергиликтүү төрөлөрдүн көрсөтүүсү менен падышалык бийлик тарабынан 1889-жылы камакка алынып, 7 жыл Сибирге айдалган. Сүргүндө жүргөн жылдары акындын азаптуу турмушунан алынган ар кайсы темадагы туткун ырларынын цикли пайда болот: “Айланган тоонун бүркүтү”, “Ушундайбы сурагың”, “Азапка түштү өмүрүм”, “Туткундагы арман”, “Туткун ыры”, “Качып келе жатканда”, “Элиме качан жетемин”.
1904-жылы ал сүргүндөн туткундардын жардамы аркылуу түрмөдөн качып чыгып, кеч күздө ал өзүнүн туулуп өскөн жери Кетмен-Төбөгө жеткен. Сүргүндөн кийин чыгармаларында “Жерди көргөндө”, “Эңсеген элим аманбы?”, “Туткундан келгенде”, “Коргол ырчы Токтогулдун баласынын өлгөнүн угузганда”, “Эзилдим шумдук заманда” ж.б ырлары таандык.
Токтогул нускоочу акын катары санат-насыят, терме, үлгү ырлардын көп түрүн түзүп, пейзаждык, сүйүү, өмүр темасындагы ырлар менен катар көп сандагы айтыштарды жараткан. Төкмө акын болуу менен “Манас”, “Жаныш-Байыш”, “Курманбек”, “Шырдакбек”, “Кедейкан”, “Олжобай менен Кишимжан”, “Саринжи Бөкөй” деген элдик дастандарды аткарган. Анын чыгармачылыгы ыр чыгаруу, дастан айтуу менен гана чектелген эмес, ал өз доорунун чебер комузчусу да болгон. Токтогул “Жаш кыял”, “Эмне кызык”, “Гүлдөп ал”, “Насылкан”, “Күлүйпа” деген обондорду, “Токтогулдун тогуз кайрык”, “Токтогулдун кербези”, “Чоң кербез”, “Арман кербез”, “Токтогулдун ботою” ж.б күүлөрдү жараткан.
Элдик фольклордук традицияны улантуучу жана аны өнүктүргөн чоң талант, кыргыз адабияты менен искусствосунун улуу классиги, интернационалист жана патриот акын нускалуу өмүрдү жашап өтүп, өзүнүн артында өлбөс чыгармачылык мурас калтырып кетти.
Кыргызстандын көп мектептерине, филармонияга, өзү туулуп өскөн районго анын ысымы берилип, 1965-жылдан адабият, искусство жана архитектура жаатында Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы белгиленген. 1969-жылы “Кыргызфильм” студиясы тарабынан “Токтогул” деген көркөм фильм тартылган. Көргөзмөгө Кыргыз эл акындарынын, көрүнүктүү жана жаш окумуштуулардын Арстанбекке арналган китептери, монографиялары, макалалары коюлду.
Көргөзмөнү ЖОЖдордун студенттери, окутуучулар, окурмандар жана жалпыга маалымдоо каражаттардын өкүлдөрү таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.