Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Токтоналы Шабданбаевдин туулган күнүнүн 125 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү уюштурулду.

Токтоналы Шабданбаевдин туулган күнүнүн 125 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү уюштурулду.
20 Авг 2021

2021-жылдын 15-августунда Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Ч.Айматов атындагы Кыргыз-Турк маданият борбору залында Токтоналы Шабданбаевдин туулган күнүнүн 125 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү уюштурулду.
Кыргыз элинин белгилүү төкмө ырчысы Токтонаалы Шабданбаев 1895 – жылы азыркы Кант районунун Жайылма деген айылында туулган.
Ырга болгон шыгы эрте ойгонуп, өз аймагына ырчы катары тааныла баштаган учурда Октябрь революциясы жеңип чыгып, совет өкмөтү орнойт. 1918-1929-жылдары басмачыларга каршы уюшулган ыктыярдуу отрядда кызмат өтөгөн. Мына ошондон тартып, ал ыры менен да, иши менен да жаңы заманды активдүү куруучулардын катарына кошулат. 1929-1935- жылдары айыл чарбадасында ар кандай кызматтарда, колхоздо башкарма болуп иштеп эмгектенген соң, 1935 – жылы Фрунзе шаарына чакырылып, ал 1939-65 –жылдары борборубуздагы Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында артист болуп иштеген.
Анын ырчылык өнөрүн өнүгүп-өсүшүнө залкар төкмө ырчылыр Муратаалы, Актан, Калык, Саякбай, Карамолдо, Шаршен, Куйручук, Осмонкул, Молдобасан, Алымкул, Адамкалый, Муса, Атайлар менен сахнага бирге чыгып, өз өнөрүн көрсөттү. Кийинчерээк алардын бардыгына арнап ыр чыгарды, ырчылардын тийгизген таасири, көрсөткөн көмөктөрү зор болду.
Токтоналы Шабданбаевдин 1949-жылы “Жеңиш ырлары”, “Өчпөс нур” (1951), “Айтыштар” (1962), “Көргөнүм” (1958), “Алтын дарбаза” (1965), “Тандалмалуу чыгармалар” (1969), “Золотые ворота” (1968), “Мекенимди даңктаймын” (1976) деген ыр китептери чыкты. Болочок ырчы Токтонаалынын балалык, өспүрүм, чий мурут жаш кези түйшүктөрдүн астында өттү. Токтонаалы турмуштун тепкисинде жүрүп эс тартты. Жаңыдан ат жалын тартып минээринде атасынан ажырады, андан көп өтпөй эркелетип өстүргөн энеси да көз жумду. Ошону менен томолой жетим калды. Турмушту эрте тааныган сезимтал баланын көөдөнүн ыр тээп, көргөн – билгендерин айыл – апаларга ырдай баштаган.
Жаңы доордун улуу кабары Ала – Тоо арасына чагылгындай тез тарайт. Жаш ырчынын өнөрү эми ташкындап тышка чыга баштайт. Ал мурда жалаң гана керт башынын кайгы – капасын комузга салып, арман иретинде ырдай коюп жүрсө, эми ошол армандарын жалпы элдин тагдыры менен байланышта ырдайт. Бара – бара армандын ордуна жаңы замандын жаркыраган жактарына эргийт.
Токтоналы Шабданбаев ойго сергек жашыраак кезинен эле таалайга жараша кыргыздын белгилүү өнөрпоздору менен айлап – жылдап бирге жүрдү, алар менен филармонияда бирге иштеп көп жагынан тагдырлаш да болду.
Кыргыз искусствосуна сиңирген эмгеги үчүн ага 1958 – жылы Кыргыз ССРинин эл артисти деген ардактуу наам берилет. “Эмгек Кызыл Туу” ордени, «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалы жана бир нече медалдар, грамоталар менен сыйланган.
1965-жылы эс алууга чыгып 1978-жылы дүйнөдөн кайткан.
Көргөзмөгө төмөнкү китептер коюлду: Т. Шабданбаевдын чыгармачылыгы тууралуу китептер, ырлар жыйнагы коюлду.

Адрес: Бишкек шаары, Абдырахманов кочосу 208. Кыргыз Республикасынын Улуттук Китепканасы тел: 30-50-57.