Маданият жана искусство бөлүмүндө 2023- жылдын 5-сентябрында кыргыздын чыгаан акыны, күүчү, комузчу, Элдик композитор, аткаруучу Ыбырай Тумановдун 135 – жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү коюлган. Туманов Ыбырай (1888-1967),1888-жылы Ысык — Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Булуң (азыркы Түргөн) айылында туулган. Ыбырай 7 жашынан баштап комуз черте баштайт. Он бир жашынан баштап элдик ырларды, дастандарды айтып, кыргыз күүлөрүн комузга салып, эл арасында шайыр катары тааныла баштайт.
Ыбырай Тумановдун боз улан кезиндеги өздүк репертуарынын өзөгүн “Жаш шайыр”, “Сегиз кайрык”, “Бургуй”, “Бекбекей”, “Керме-Тоо”, “Кулпенде”, “Бердикожо жалгызым”, “Күл ойрон”, “Уба-Уба Карагул ботом”, “Керзен”, “Экөөлөсөң экөөлө”, аттуу ж.б. ар түрдүү мазмундагы, түркүн жүрүштөрдү, ар кыл кайрыктарды элдик күүлөр түзгөн. Талант катары калыптанышына Теңизбай, Нурдөөлөт, Кайду, Мамыр, Кудайбек аттуу Көл өрөөнүнөн чыккан элдик таланттар өбөлгө түзөт.
1916-жылдагы көтөрүлүштө Кытайдан кайткандан кийин 1918-жылы “Ооган Камбаркан” аттуу күүсүн жаратат. 1921-1923-жылдары Совет Өкмөтүнө арналган бай баяндамалуу “Октябрь Өзгөрүш”, 1925-жылы кыргыз жаштарын окууга үндөгөн “Жаш тилек күүсү”. Москвалык музыка таануучу А.Затаев жетектеген тобунун жолдомосу менен Кыргыз Мамлекеттик филармониясына жумушка алынат. Көп өтпөй А.Затаев Ыбырай Тумановдун чыгармаларын “Жаш Тилек”, “Боз Салкын”, “Ооган Камбаркан”, “Бургуй”, “Желдирме”, аттуу күүлөрүн, “Жөө калды”, “Май жалаган!”, “Боз бала”, элдик обондуу ырларын нотага түшүрүп Кыргыз музыкасынын фондусун байытат.
1936-жылы Кыргызстанга келген биринчи жолу паровозду (Кара пулпарды) көрүп суктанган Ыбырай, толкунданып “Паровоз” аттуу классикалык күүсүн жаратат. Комузга салынган паровоздун жүрүшүн, станциядан станцияга келип токтогонуна чейин, дөнгөлөктөрдүн түкүлдөп жүрүшү эң бир элестүү, өткөрө таасирдүү сыпаттаганы Ыбырайдын чеберчилигинин өтө бийиктигин экенинин далилдеди.
Толкунданган талант, жаңы чыгармачылыктын барагын ачып, “Толкун”, “Жүрөгүм Москва”, деген шаңдуу кайрыктардагы күүлөрүн кыргыз элинин атынан алкыш катары чыгарат. Ы.Тумановдун Жаңы доордун жарчысы аталган ондогон көрүнүктүү күүлөрү кыргыз орус композиторлору симфониялык, опералык, балеттик чыгармаларында пайдаланышат. Ал эми классикалык “Жеңиш”, “Кеңеш”, “Боз салкын”, “Жаш Тилек”, “Жыргал күн”, “Жүз жылдык”, .“Жүрөк толкуйт”, ж.б. күүлөрү К. Орозов атындагы эл аспаптар орекстрининин аткаруусунда дүйнө жүзүнүн элдерининин угуучуларынын купулуна толгон. 1967-жылы узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтат.1994-жылы Каракол шаарындагы музыкалык окуу жайына Ы.Тумановдун ысымы берилген. Көргөзмөдө ал жөнүндө китептер, грампластинкалар, ноталар орун алды.