Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

ТЇштЇктйгЇ окуянын курмандыктарын (2010) эскерЇЇ кЇнЇ

09 Июн 2017
2017-жылдын 10-июнунда А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Юридикалык адабият бөлүмүндө “Түштүктөгү окуянын курмандыктарын (2010) эскерүү күнү” аттуу көргөзмө уюштурулду.
Каргашалуу Ош окуясындагы жоготуулар, анын өкүнүчү менен өксүгү, кайгысы менен капасы ар убак бизди этностор аралык мамилеге акыл эстүүлүк менен кылдат мамиле жасоого үндөп тургандыгын көкүрөк менен туюп, жүрөк менен сезип турабыз.
2010-жылы улуттар аралык кагылышта, мамлекеттик комиссиянын расмий маалыматы боюнча, 426 киши каза тапкан, 35 киши дайынсыз жоголгон.
Эмдиги милдет өткөндөн сабак алып, тынчтыкты, ынтымакты, биримдикти көздүн карегиндей сактоодо турат. Бул ишке улуу-кичүү дебей баарыбыз өз салымыбызды кошууга милдеткербиз. Биз канчалык кыйын күндөрдү баштан өткөрсөк да, мээримин жана боорукерлигин жоготпогон кыргызстандык деген ыйык атты бийик тутуу менен бирге өткөндү эскерип турушубуз зарыл.
Бул көрсөтмөгө газеталардагы макалалар жана китептер коюлду: Июнь коогалаңынын тамыры тарыхтабы? Мамат Сабыров “Кыргыз Туусу”, Ош коогалаңын эстеп… Э. Кыязов. “Замандаш”, Трагичекий месяц Оша “Слово Кыргызстана”, Ош коогалаңы — Ошские события. Т. Разаков жана башкалар. Алардын катарын сүрөттөр толуктаган.

Дареги: Бишкек ш. Ю.Абдрахманов көч.208
Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Юридикалык адабият бөлүлүмү.
Тел: 30-50-64