Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Украин кызы «Ксения» жөнүндөгү китептин бет ачары болду

Украин кызы «Ксения» жөнүндөгү китептин бет ачары болду
17 Апр 2025

Бүгүн, 17-апрелде, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Ч. Айтматов залында акын, жазуучу, драматург, сценарист жана балдар жазуучусу, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Керез Зарлыкованын калемине таандык китептердин бет ачары болду.

Анда жазуучунун Улуу Ата Мекендик согушта Кыргызстанга келип, кыргыз үй-бүлөсүндө чоңойгон украин кызы тууралуу жазылган «Ксения» повести, балдар үчүн жазылган «Жүргүлө тоого кетели» ырлар жыйнагы, «Уйкусуз түндөр» ырлар жыйнагы тууралуу кеңири маалымат берилди.

Бет ачарга Керез Зарлыкованын замандаштары, акын-жазуучулар катышып, жазуучунун калеминен жаралган чыгармалар тууралуу жакшы пикирлерин билдиришти.

«Ксения» деп аталган китепте баш каарман Ксениянын тагдыры Улуу Ата Мекендик согуштун дагы бир татаал учуру жөнүндө көркөм электен өткөрүлүп, окурмандарга баян этилет. Бир адамдын тагдыры аркылуу согуш мезгилинде совет өлкөсүндөгү элдердин достугу, боорукердиги, жеңиш үчүн жан аябаган туруктуу күрөшү автор тарабынан ишенимдүү сүрөттөлөт. Андан тышкары, китепке кирген бир нече ангемелерде бүгүнкү күндөгү адамдардын, өзгөчө аялзатынын коомдогу орду, алардын жекече инсан катары психологиялык, нравалык калыптанышы турмуштук кагылышууларда, ар кандай татаалдыктарда ынанымдуу иликтенип берилген.

Замандаштары белгилегендей, жазуучунун талыкпай изденген, издегенин таба алган күжүрмөн, эмгекчил экендиги чыгармаларынан эле көрүнүп турат.

Иш-чаранын соңунда студенттер, окуучулар жана китепкананын кызматкерлери акындын ырларынан көркөм окуп беришти.