Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Улуттук адабияттын классиги — Мукай Элебаев

Улуттук адабияттын классиги — Мукай Элебаев
18 Фев 2026

         2026-жылдын 18-февралында кара сөздүн, адабий сындын көч баштоочуларынын бири, кесипкөй кыргыз жазма адабиятынын роман жанрынын баштоочусу, жазуучу, акын, котормочу Мукай Элебаевдин 120 жылдык мааракесине карата А. Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Массалык маалымат жана маданий программалар бөлүмү «Улуттук адабияттын классиги — Мукай Элебаев» аттуу китеп көргөзмөсүн уюштурду.

Көргөзмөгө улуу жазуучунун китептери, гезит-журналдагы макалалары, күндөлүгү, фотодокументтери жана замандаштарынын эскерүүлөрү коюлду.

     Бардыгыңыздарды көргөзмөгө чакырабыз!