Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

«Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолун улай…

«Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолун улай…
15 Янв 2026

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолун бекитүү жөнүндө Жарлыгын утурлай, «Ата жолу» республикалык коомдук бирикмеси 2026-жылдын 15-январында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз-түрк маданият борборунда «Ата жолу – улуттук демдин өзөгү: руханий бийиктикке карай жол» аталыштагы иш-чара өткөрдү.

   
Ата жолунун коомдогу орду, ролу, маани-маңызы, миссиясы боюнча баяндамалар жасалды.

Иш-чарага конок катары чакырылган мамлекеттик жана коомдук ишмер Сүйүнбек Касмамбетов руханий баалуулуктар, улуттук демдин пайдубалы, элдик нарк менен мамлекеттик саясаттын айкалышы боюнча сөз сүйлөдү.

Баяндамалардан соң иш-чара суроо-жооп, эркин баарлашуу менен аяктады.