2025-жылдын 27-майында Китепканалар күнүнө карата Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун колдоосу менен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата басылган 100 китептин салтанаттуу бет ачар аземи болуп өттү. Китептердин бет ачары Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы тарабынан уюштурулган.
Иш-чара Кыргызстандын китепканалар күнүнө карата уюштурулуп, ага президенттик администрациядан өкүлдөр, Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри, аталган долбоорго кирген китептердин авторлору жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар ж.б. катышты.
100 китептин бет ачарына арналган салтанат ыр-бий менен коштолуп, иш-чарага катышкандар китептин жана китепкананын адам турмушундагы ордун белгилеп, алар илим, билим, маданият, адабий-көркөм чыгармаларды жайылтуу, сактоонун каражаты эле эмес, руханий азык алуу, маалыматты сактоо, аны муундан-муунга өткөрүп берүүнүн чоң казынасы экендигине да токтолушту.
Буга чейин китепканаларга тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай келсе, эми Президент С. Н. Жапаров өзү көңүл буруп, китепканаларды жакшыртуу үчүн мамлекет тиешелүү колдоо көрсөтүлөрүн анын кеңешчиси Ч. Абыкеев билдирип, Президенттин майрамдык куттуктоосун окуп берди.
Долбоордун алкагында 1958–1960-жылдары профессор Б. М. Юнусалиевдин жалпы редакциясы астында чыккан, улуттун улуу мурасы болгон “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосу, мындан сырткары кыргыз адабиятынын баштоочуларынын китептери, акын-жазуучулардын көркөм-адабий чыгармалары кайрадан басылды. Тизмеде тунгуч басылма «Эркин Тоо» («Кыргыз Туусу») гезитинин архивдик макалаларынын хронологиялык жыйнагы, ошондой эле дүйнөлүк адабияттын мыкты чыгармаларынын котормолору, заманбап өнүгүүгө шыктандыруучу китептер да бар.
Айрыкча, балдар адабиятына өзгөчө басым жасалып, элдик оозеки чыгармачылыктан баштап, акын-жазуучулардын балдарга арналган чыгармалары иллюстрациялык жасалгалоо менен жарык көргөн.
Белгилей кетсек, китептер 1000 нускадан чыгарылган жана китепканалар күнүнө карата аймактык китепканаларга таратылат.
Мындан улам китепканалар окурмандарды китеп дүйнөсүнө тартуу менен, алардын бош убактысын пайдалуу өткөрө турган заманбап борборго айланууну максат кылат.