Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын маалымат-массалык бөлүмү Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына карата баатырлардын эрдигин чагылдырган китеп көргөзмө уюштурду.
9-Май – кандуу согушта Мекен үчүн кан-жанын аябаган ата-бабаларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдигин даңазалаган, көп улуттуу элибиздин биримдиги жана ынтымагы менен жаркын жашоону тартуулаган жеңиш күнү! Даңктуу тарыхыбыз менен элибиз дайыма тынчтыктын, ынтымактын майрамы катары белгилеп келишет.
Согуш башталган күндөн тартып, бир жарым миллион калкы бар Кыргызстан 16 жаштан 50 жашка чейинки 360 миңден ашык жоокерин жана 1395 кыз-келинин согуш майданына жөнөткөн. 4 жылга созулган (1941–1945-ж.ж.) Улуу Ата Мекендик согушта совет эли 27 миллион адамынан ажыраган.
Көргөзмөгө согуш маалында жарык көргөн адабияттар, ЖЕҢИШ менен кайткан баатыр жоокерлердин эрдигин эскерген чыгармалар, кандуу апаатты чагылдырылган газета-журналдар, макалалар жана иллюстрациялар менен толукталды.
Мындан тышкары согуш учурундагы маанилүү байланыш куралы болгон «Үч бурчтуу каттын сыры» аталышта бурч да уюштурулду.