Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Улуттук китепканада Евразиялык билим берүүнүн XI эл аралык көргөзмөсү болуп өттү

Улуттук китепканада Евразиялык билим берүүнүн XI эл аралык көргөзмөсү болуп өттү
13 Мар 2026

2026-жылдын 12-13-мартында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Евразиялык билим берүүнүн XI эл аралык көргөзмөсү болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы, Россия Федерациясынын элчилиги, Казакстан Республикасынын элчилиги жана Венгриянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен «Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюм тарабынан уюшулган масштабдуу бул эл аралык иш-чарага Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын алдыңкы жогорку окуу жайлары, билим берүү уюмдары катышты.

Эки күн Улуттук китепкана мектеп окуучулары, студенттер, болочок студенттер жана ата-энелер үчүн билим берγγ алкагындагы баарлашуу аянтчасына, кесипке багыт берүү борборуна айланды. Медицина, маалымат технологиялары, экономика, укук, психология, айыл чарба технологиялары, биоинженерия, металлургия, тоо-кен иштери сындуу жана башка суроо-талап жогору адистиктер боюнча ар түрдүү окуу программалары көрсөтүлдү. Катышуучулар билим берүү программалары, кабыл алуу талаптары, чет өлкөдө билим алуу артыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты.

Кыргыз жарандары үчүн жогорку билимдин жеткиликтүүлүгүнө айрыкча көңүл бурулду. Анткени, 1996-жылдын 29-мартындагы катышуучу-мамлекеттердин жарандарына билим берүү багытында бирдей укуктарды берүү тууралуу өкмөттөр аралык макулдашуунун алкагында Кыргызстан жарандары үчүн өнөктөш-мамлекеттердеги окуу жайларга тапшырууда жана документтерди берүүдө жөнөкөйлөтүлгөн система иштеп келет.

Албетте, мындай масштабдуу эл аралык иш-чараны Улуттук китепканада өткөрүү китепкананын эл аралык кызматташууга, билим алмашууга, билим берүү демилгелерин өнүктүрүүгө ачык, өлкө үчүн маанилүү маданий-агартуу аянтчасы катары макамын ырастайт жана китепкана өз кезегинде билим берүүнү, илимди, эл аралык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоону улантат.