2025-жылдын 31-майында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басмалар бөлүмүндө “XX- кылымдагы ири түрколог – сөздүкчү” деген темада К. К. Юдахиндин 130 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү ачылды.
К. К. Юдахин (1890-1975) – чыгаан түрколог окумуштуу, кыргыз таануучу, лексикограф, профессор (1940), филология илимдеринин доктору (1949), Кыргыз ССР ИАнын корр. мучөсү (1952), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1954), СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1967). Ал Ташкент
шаарындагы Түркстан мугалимдер семинариясында окуган (1906-1910) жана кыргыз, өзбек, казак, уйгур, перси тилдеринде сүйлөй билген. Мугалимдик кесиптин ээси. Түркстан чыгыш институтун түрк жана иран филология факультетин аяктаган (1925). В. В. Бартольд, Е. Д. Поливанов, П. А. Фалев, С.Е.Маловдон таалим алган. 1944-жылы Кыргыз ССРинин чакыруусу боюнча Фрунзеге келип, өмүрүнүн акырына чейин илимий педагогикалык ишин жүргүзгөн. 1944-1952-жж. СССР ИАнын Кыргыз филиалында Тил, адабият жана тарых институтунда кыргыз тил секторунун башчысы, 1951-1954-жж. В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер пед. институтунда, 1955-жылдан өмүрүнүн аягына чейин КМУнун профессору болуп эмгектенген. Ал түрк тилдеринин лексикасын, диалектологиясын, грамматикасын, жазмасын изилдеп, сөздүктөрүн түзгөн жана редакциялаган. “Кыргызстанда лингвистиканын өнүгүшү” (1946), “Кыргызча-орусча сөздүгүн” (1940, 1965) түзгөн, ошондой эле “Кыргыз диалектологиясынын очерки” (1959) жана “Кыргыз диалектологиясын” (1971) редакциялаган. Эмгек Кызыл Туу, “Ардак белгиси” ордендери жана медалдары менен сыйланган.
Китеп көргөзмөгө К. К. Юдахиндин эмгектери жана ал жөнүндө макалалар жайгаштырылды.