Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Улуттук китепканада китепканалар күнү жогорку деңгээлде белгиленди

Улуттук китепканада китепканалар күнү жогорку деңгээлде белгиленди
27 Май 2025

Бүгүн, 27-май – Китепканалар күнүнө карата Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун колдоосу менен жарык көргөн 100 китептин бет ачары болуп өттү.

Кыргызстандын китепканалар күнүнө арналган бул иш-чараны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы уюштурду. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин расмий адамдары, КР ЖК депутаттары, белгилүү илим, билим берүү жана маданият ишмерлери, ошондой эле кеңири коомчулук өкүлдөрү чакырылган.

 

 

 

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун саламын жана куттуктоо катын анын кеңешчиси Ч. Абыкеев тааныштырып, Улуттук китепкананын директору А. А. Аскаровага тапшырды. Ошондой эле Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов да куттуктоо сөзүн сүйлөп, китепкана тармагында эмгектенип жаткан кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирди.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында  100 китеп чыгаруунун максаты – Кыргызстандын тарыхый мурастарын сактоо жана кеңири жайылтуу, китеп окуу аркылуу жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо жана интеллектуалдык жактан өнүктүрүү болуп саналат.

Бет ачар аземде Маданият министрлигине караштуу көркөм кеңеш тарабынан тандалып алынган 100 басылма – ар түрдүү  жанрдагы, мазмундагы жана социалдык багыттагы китептер тааныштырылды. 100 китептин долбооруна “Манас” эпосунун 3 бөлүгүн кайра басып чыгаруу, кыргыз жазма адабиятын баштоочулардын жана акын-жазуучулардын көркөм-адабий чыгармалары, дүйнөлүк адабияттын классиктеринин чыгармаларынын кыргыз тилинде котормолору, тунгуч басылма «Эркин Тоо» («Кыргыз Туусу») гезитинин архивдик макалаларынын хронологиялык жыйнагы, кыргыз акын- жазуучуларынын балдар үчүн чыгармалары кирген.

Улуттук китепкана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун колдоосу менен жарык көргөн бул 100 китепти атайын редакциялык кеңеш менен иштеп чыгып, басып чыгарган жана ар бир аталыш 1000 нускада басылып, аймактардагы китепканаларга берилери күтүлүүдө.

Майрам концерттик программа менен коштолуп, КР эмгек сиңирген артисти С. Көчөрбаев, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын өнөрпоздору, “Ак Шоола” театрлаштырылган элдик үлгүлүү балдар хору өз өнөрлөрүн тартуулады.

Расмий иш-чарадан кийин Улуттук китепкананын директору А. А. Аскарова китепканынын жалпы жамаатын бүгүнкү Китепканалар күнү менен куттуктап, китепканачылардын аз айлыкка карабастан окурмандар үчүн тиешелүү кызматтарды аткарып, өз кесибин сүйүү менен эмгектенип жатышкандыгына ыраазычылык билдирүү менен бир катар кызматкерлерге Ардак грамота, ыраазычылык каттарды тапшырды.

Ошондой эле “Түрксой” эл аралык маданий кызматташтык уюмунун сыйлыгы уюмдун Баш катчысы С. Раевдин атынан эки кызматкерге тапшырылды.

 

Кыргызстандын китепканалар күнүнө карата Улуттук китепкананын фойесинде «Китепкана-акыл казынасы» аттуу китеп – сүрөт көргөзмө коюлду.

Эске салсак, жыл сайын 27-майда Кыргызстандын китепканалар күнү белгиленет. Бул дата  1902- жылдын 27-майында Кыргызстанда биринчи жалпыга жеткиликтүү китепкананын ачылыш күнүнө туура келет.

КР Улуттук китепканасы – Борбордук Азиядагы эң ири китепканалардын бири, уникалдуу мамлекеттик маданий, илимий, билим берүү мекемеси. Өзгөчө баалуу маданий мурас, стратегиялык объекттерге кирет. Түзүлгөн учурдан тартып, 1934-жылдын 10-майы жана андан кийинки мезгил аралыгында Улуттук китепкана республиканын элинин маданий байлыгын жана салттарын сактоо, жалпы адамзаттык билимдерди өнүктүрүү, илимий потенциалды жана маалыматтык ресурстарга жеткиликтүүлүктү өнүктүрүү ишинде чоң жолду басып өттү.

Республикада 3 миңден ашык китепкана иштейт, анын ичинен Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин системасында 1036 китепкана бар, алардын кызматынан жыл сайын 1 миллиондон ашык окурман пайдаланат.