Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Улуттук китепканада Сүйүнбек Касмамбетов менен жолугушуу болду

Улуттук китепканада Сүйүнбек Касмамбетов менен жолугушуу болду
18 Окт 2025

2025-жылдын 18-октябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында маңыздуу баянга бай, кептин каймагын сүзүп, кемелин шурудай тизип, келиштире айткан агабыз Сүйүнбек Касмамбетов катышкан “Нарк куржун” аталышындагы керемет жолугушуу болду.

Жолугушууда улуттук иденттүүлүк, хан бийлигинен нарк бийлиги жогору тураары, кыргыздын керегеге шылтап, келинине сөз айтканы, уукка шылтап, уулуна сөз айтканы, биримдиктин күчү тоо бузаары, ынтымак бар жерде бакыт да, ырыс да болоору, кыргыз камчыны да сүйлөткөнү боюнча керемет баяндар айтылды.

       

Ошондой эле кыргыз наркынын нечен жоболоңдордон аман калып, сакталып, жоголуп кеткиче жомокко айланып, эненин эмчек сүтүнө сиңип, бешик башына тумар болуп тагылып, термелген сайын бешик күүсүнүн ыргагына көөшүгөн улуулугу боюнча да айтылды. Найзанын учуна тепчилип кетпей, кылыч мизине кесилип кетпей, ташка салса сынбаган, кылымдан-кылым тынбаган бийиктикке айланып, эл ишениминен, элдин үмүтүнөн боюна эбегейсиз кубат жыйнаган асылдуулук жөнүндө сөз болду.

Байыртадан бери укумдан-тукумга көчмөн калктардын уюткусу катары келип жеткен нарк-насилибиз, каада-салттарыбыз, тарбиялык таалими зор баяндар, уламыштар тууралуу кенен сөз болуп, катышкандар жан дүйнөсүн байытып, руханий азык алышты.