Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Улуттук китепканада Түркиянын Элазык шаарындагы Фират университетинин өкүлү менен жолугушуу болду

Улуттук китепканада Түркиянын Элазык шаарындагы Фират университетинин өкүлү менен жолугушуу болду
16 Июн 2025

Бүгүн, 16-июнда, Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Түркиянын Элазык шаарындагы Фират университетинин заманбап технологиялык кызматтар филиалынын директору Сание Булут менен жолугушуу болду.

Сание Булут менен Улуттук китепкананын директору Айнура Аскарова жолугушуп, андан соң китепкананын жалпы бөлүмдөрү, алардын иши тааныштырылды. Өз кезегинде Сание Булут дагы өзү иштеген китепкананын иши менен тааныштырды. Ошондой эле келечектеги кызматташуунун багыттары талкууланды.

Жолугушууга Кыргыз эл биримдиги коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Аман Өмүрзаков, Алыкултаануу Илимий Борборунун директору Замирбек Асаналиев, Улуттук китепкананын бөлүм башчылары дагы катышты.