Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Улуттук китепканада «Улуу Жеңишке — 80 жыл» — «Баатырларды эскерүү» аттуу иш-чара өттү

Улуттук китепканада «Улуу Жеңишке — 80 жыл» — «Баатырларды эскерүү» аттуу иш-чара өттү
16 Май 2025

2025-жылдын 16-майында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын «Кыргыз китеп» бөлүмүндө редакция-басма жана полиграфия-реставрация иштери бөлүмүнүн кызматкерлери уюштурган «Улуу Жеӊишке – 80 жыл» – «Баатырларды эскерүү» аттуу иш-чара өткөрүлдү жана китеп-сүрөт көргөзмөсү коюлду.


Иш-чаранын алкагында акын Темиркул Үмөталиевдин «Үч баатыр» чыгармасынын каармандары – Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары Кубат Жуматаев, Асылкерим Осмонов жана Апсамат Ашырбаевге арналган ырларды Улуттук китепкананын кызматкерлери А. Шакирова, А. Жолдошбек кызы жана Б. Султановалар көркөм окуп, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Кыргыз Республикасынын эл акыны, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Темиркул Үмөталиевдин үй-бүлөсүнүн архивинен алынган сүрөттөрдөн видео-слайд, Кубат Жуматаев жөнүндө видео-слайд көрсөтүлдү. Чүй облусундагы Панфилов районунун Эркин-Сай айылынан чыккан Т. А. Жуматаев жана Апсамат Ашырбаевдин 100 жылдык мааракесине карата даярдалган видео-слайд А. Ашырбаевдин уулу, Кемин районундагы Элдик Курултайдын үч жолку координатору А. А. Исаев тарабынан даярдалган.

Дагы бир айта кетчү маалымат, иш-чарага Темиркул Үмөталиевдин «Үч баатыр» чыгармасынын баатырларынын туугандары да катышты. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Сейит Жетимишов, Кыргыз Республикасынын эл акыны Тынчтыкбек Нурманбетов, журналист Нурлан Кыдыршаев, журналист Вера Беделбек кызы, Темиркул Үмөталиевдин небере кызы, маданият таануу илимдеринин доктору Үмөталиева–Баялиева Чынара Топчубековна, Темиркул Үмөталиев атындагы № 67 жалпы билим берүүчү орто мектептин тил боюнча директорунун орун басары Адиева Нурайым Насыровна жана башка мугалимдер окуучулары менен катышты. Мындан сырткары мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер, белгилүү чыгармачыл инсандар, баатырлардын туугандары, окурмандар жана Улуттук китепканасынын кызматкерлери катышты.

Белгилей кетсек, акын Темиркул Үмөталиев Аксы районуна караштуу Төө-Жар айылында 1908-жылы 1-майда туулган. 1925-жылы Темиркул Ак-Суудагы жетим балдар үйүндө тарбияланып, 1929-жылы Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, Ноокат районунда эки жыл мугалим, кызыл үйдүн башчысы жана райком комсомолдун бөлүм башчылык кызматтарын аткарган.
1928–1929-жылдары техникумда окуп жүргөндө Т.Үмөталиевдин кабарлары «Ленинчил жаш», «Кызыл Кыргызстан» гезиттерине үзбөй чыккан. 1931-жылы Фрунзеге келип, обком комсомолдун аппаратында бөлүм башчы, 1934–1935-жылдары Араван МТСинде саясий бөлүмдүн начальнигинин комсомол иши боюнча жардамчысы, 1935–1937-жылдары «Кыргызстан пионери» гезитинин редактору, «Ленинчил жаш» гезитинин редакторунун орун басары, «Кызыл Кыргызстан» гезитинин бөлүм башчысы, 1937-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун аппаратында иштеген.
Т. Үмөталиев Улуу Ата Мекендик согушта Калинин, Түштүк-Кавказ, Закавказье, Украина фронтторундагы, Румыния, Болгария, Югославия, Венгрия, Австрияны фашизмден бошотууга катышкан.
1946–1953-жылдары «Ала-Тоо» журналында башкы редактор, 1974-жылдан китеп сүйүүчүлөр коомунун башкармасынын төрагасы болгон.
Т. Үмөталиевдин ырлары 1930-жылдан тартып басма сөз беттеринде чыга баштаган. «Баатыр» аттуу поэмасы 1944-жылы жарык көргөн.
Т. Үмөталиев Пушкиндин, Маяковскийдин, Тихоновдун, Янка Купаланын, Турсун-Заденин чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Т. Үмөталиевдин чыгармалары орус, украин, өзбек, казак ж.б. элдердин тилдеринде которулган.
Т. Үмөталиев 1934-жылдан СССР Жазуучулар Союзуна мүчө болгон. 1968-жылы «Кыргыз Эл акыны» деген наам алган. «Ленин», «Эмгек Кызыл Туу», «Кызыл жылдыз», «Ардак белгиси» ордендери, «Кавказды коргогону үчүн», «Будапештти алганы үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн» медалдарынын ээси.
1982-жылы «Тоо гүлдөрү» аттуу китеби үчүн Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.