Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Улуттук китепканада «Улуу жеңишке 80 жыл» деген аталышта китеп жана сүрөт көргөзмөсү уюштурулду

Улуттук китепканада «Улуу жеңишке 80 жыл» деген аталышта китеп жана сүрөт көргөзмөсү уюштурулду
18 Апр 2025

А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басмалар бөлүмүндө «Улуу жеңишке 80 жыл» аттуу темада китеп көргөзмөсү, ошондой эле «Кыргызстандын баатырлары» аттуу темада сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Бүтүн Советтер Союзу үчүн, анын ичинде Кыргызстан үчүн 1941-жылдын 22-июну улуу сыноонун башталышы болгон. Фашисттик Германия менен болгон салгылашка 363 миңден ашуун кыргызстандыктар катышкан, башкача айтканда, бул республиканын ар бир төртүнчү жашоочусу болуп эсептелинет, алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган, 56 миңден көбү дайынсыз жоголгон.


73 кыргызстандык Алтын Жылдызга ээ болуп, «Советтер Союзунун Баатыры» наамына татыктуу болушкан. Алардын ичинен 34 жоокер үчүнчү даражадагы «Даңк» орденинин ээси болушкан.
100 миңден ашык кыргызстандык жоокерлер жана 979 тылдагы эмгекчилер Советтер Союзунун орден-медалдары менен, 8020 жаран Ардак Грамоталар жана Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин президиумунун грамоталары менен сыйланышкан. И.В.Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизиясы, Кыргызстан жана Казакстан атуулдарынан турган 316-аткычтар дивизиясы, 4чү, 385чи, 40чы аткычтар бригадасы жана атчандар дивизиялары тузүлгөн. Москванын алдындагы оор кан төгүлгөн согушта 40-аткычтар дивизиясы өзүн даңктай алган. 385-аткычтар дивизиясы Москвадан Балтикага чейин согуш жолун басып өткөн. Кызыл желектүү 4-гвардиялык аткычтар бригадасы Түндүк Кавказдагы гитлердик аскерлердин таш-талканын чыгарган.
1942-жылдын 6-августунда Воронеж фронтунун 636-аткычтар полкунун жоокери 20 жаштагы Чолпонбай Түлөбердиев Дон дарыясынын ары жагындагы Селявный кыштагындагы 120 метр бийиктиктеги дөңсөөгө жайгашып алып, совет аскерлерине каршы ок жаадырып турган душмандын дзотуна эки граната ыргытып, жарадар болгонуна карабай дзоттун оозун денеси менен басып жыгылып, баатырларча курман болгон. Аскерлер чабуулга өтүп, дзотту жок кылып, кыштакты ээлешкен. Ч.Түлөбердиевдин эрдиги легендага айланып, тарых барагында жазылып калды. «Советтер Союзунун Баатыры» деген эң жогорку наамга татыктуу болгон Ч.Түлөбердив, Д.Шопоков, Д.Асанов, Н.Ананьев, Т.Бегельдинов, И.В.Панфилов, Г.Конкин, Е.Пасько, К.Үсөнбеков ж.б. аталарыбыздын эрдиги жана баатырдыгы кылымдан кылымга , муундан муунга үлгү болуп кала берет.


1945-1945-жылдары Кыргызстан СССРдин бирдиктүү аскердик жана чарбалык маанилүү бастиону болгон жана кыргызстандык жоокерлер жердештери тапшырган насыятын абийирдүүлүк менен аткарышкан. Москва жана Ленинграддын, Тундүк Кавказдын, Украина жана Белоруссиянын мейкин талааларында, Молдавияда жана Прибалтикада, Батыш Европа мамлекеттеринде жана фашистердин уюгу болгон Берлиндеги салгылаштарда душмандардын таш-талканын чыгарышкан. Кыргызстанга 30дан ашуун завод-фабрикалар ташылып келинген. Алардын бардыгы тез аранын ичинде ишке киргизилген. Кант-Балыкчы темир жолу курулган. Улуу согуш жылдарында Кыргызстан 300 миңден ашуун ар улуттан турган көчмөндөрдү кабыл алган.
Улуу Ата Мекендик согуштун ветерандарынын жана тылдагы эмгекчилердин эрдигин чагылдырган тарыхый документтер, китептер, көркөм чыгармалар, ырлар жана сүрөттөр жайгаштырылган китеп көргөзмөсү окурмандарын күтөт.