2025-жылдын 26-декабрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына кыргыз тил илиминин актуалдуу маселелерин камтыган илимий-методикалык эмгектер белекке берилди.

Филология илимдеринин доктору Айша Карымшакова тарабынан даярдалган төмөнкү илимий китептер Улуттук китепкананын фондун толуктады:
— «Кыргыз тили: морфологиялык талдоолор»;
— «Кыргыз тилиндеги кызматчы сөз түркүмдөрү боюнча түшүндүрмө сөздүк,
— «Кыргыз тилиндеги байламталардын функционалдык семантикалык өзгөчөлүктөрү: (салыштырма планда).

Аталган эмгектер кыргыз тилинин морфологиялык түзүлүшүн, сөз айкаштарынын жана байламталардын функционалдык-семантикалык мүнөздөмөлөрүн терең илимий негизде талдоого алган. Китептер жогорку окуу жайлардын кыргыз тили жана адабияты багытында билим алып жаткан студенттерине, магистранттарына, аспиранттарына, ошондой эле окутуучуларга жана тил изилдөөчүлөрүнө арналган.

Бул демилге улуттук тил илимин өнүктүрүүгө, илимий мурастарды сактоого жана келечек муундарга жеткирүүгө кошулган маанилүү салым болуп саналат. Улуттук китепкананын окурмандары эми аталган эмгектер менен кеңири таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.