Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Улуттук китепкананын кызматкери Алмата шаарында өткөн семинар-тренингге катышты

Улуттук китепкананын кызматкери Алмата шаарында өткөн семинар-тренингге катышты
17 Июн 2025

2025-жылдын 2-3-июнунда Алмата шаарында Казакстан Республикасынын Улуттук китепканасынын Реставрация жана консервация кызматы уюштурган эл аралык «Чыгыш кол жазмаларын коргоо, консервациялоо жана реставрациялоо» деген темадагы семинар-тренинг болуп өттү жана ага А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын СКӨБББнүн башчысы Елена Исмаилова катышып келди.

Семинардын алкагында Турция Республикасынын Маданият министрлигине караштуу «Туркия жазма эстеликтер курамы жана архивдер департаментинин» башкы реставратору Гизем Ердем мастер-класс өткөрдү.

Ал кол жазмаларды сактоо жана аларды реставрациялоодогу көп жылдык тажрыйбасы менен бөлүштү. Ошондой эле баштапкы биологиялык жана химиялык анализдөө, китепти кайра калыбына келтирүүдө анын структурасына ылайык келе турган кагаздарды тандоо, аларды чаңдан тазалоо, абанын нымдуулугу, жарык тийүүнүн нормаларын сактоо негизги максат экендигин белгилеп, мукабаларды каптоодогу материалдар, жабдыктар менен кеңири тааныштырды. Мастер-класста китепке кутуча (футляр — конверт) даярдоону да көрсөтүп берди.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тренинг видеолор менен коштолду жана катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Семинарга Казак Республикасынын китепканаларынын, мамлекеттик архив, музейлеринин реставратор – сүрөтчү, дизайнер кызматкерлери катышты.

Семинардын экинчи күнү Казакстан Республикасынын Улуттук китепканасына жана илимдер академиясынын «Реставрациялоо борборуна» экскурсия уюштурулду.