Үстүбүздөгү жылдын 21-июлунан 1-августуна чейин Россия мамлекеттик китепканасынын Фондду сактоо башкармалыгынын китепкана фондусун реставрациялоо бөлүмүнүн окуу борбору тарабынан «китепкана фондусун реставрациялоо» боюнча базалык курс уюштурулган. Аталган курска А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын архив бөлүмүнүн башкы китепканачысы Мираида Молдалиева катышып келди.
Белгилүү болгондой, китепкана фондундагы документтерди биологиялык жана химиялык анализдөө, пайдаланууга мүмкүн болбой калган барактарды реставрациялоо боюнча 80 сааттык теориялык сабактар практикалык иштер менен коштолду.
![]()
![]()
![]()
Курска КМШ мамлекттеринен барган китепканачылар катышты. Ошондой эле Россия мамлекеттик китепканасынын реставрация жана концервация бөлүмүнө, басмаканасына, негизги фондду сактоо бөлүмүнө жана окуу залдарына экускурсия уюштурулду.
![]()
Курсту аяктаган бардык китепканачыларга Россия мамлекеттик китепканасынын жетекчиси В. В. Дуда салтанаттуу түрдө курсту бүтүргөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү тапшырды.