Бүгүн, 21-майда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Чынгыз Айтматов атындагы жыйындар залында КР Президенти Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 24-декабрындагы №369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндөгү Жарлыгын жайылтуу жана жүзөгө ашыруу иш-чараларынын алкагында китепкананын кызматкерлерине Жарлыкты тааныштыруу максатында тегерек стол болуп өттү.
Тегерек столго Улуттук китепкананын жетекчилиги жана жалпы жамаат катышты.
Алгач аталган Жарлык тууралуу маалымат берилип, андан соң төрт чоң темада баяндамалар жасалды. Алар:
1. «Манас» эпосу – билим алуунун булагы
2. Каада-салт – кыргыз маданиятынын булагы
3. Балдарыбызды эне тилинде сүйлөөгө үйрөтүү
4. Жаш муун – мамлекетибиздин пайдубалы.
Баяндамаларды Улуттук китепкананын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө басылмалар бөлүмүнүн башчысы Елена Исмаилова, негизги фонд бөлүмүнүн башчысы Нуржан Баймурзаева, архив бөлүмүнүн башчысы Айна Темралиева, илимий изилдөө бөлүмүнүн кызматкери Жамила Асанбекова жасап, жыйындын катышуучуларына «Манас» эпосу рухий мурастардын башында турары, келечек муундарга билим, таалим-тарбия берүүдө улуу эпосубуздун орду өзгөчө экендиги, байыркы ата-бабаларыбыз жашаган доорлордон бери кыргыз эли каада-салттарды ыйык тутуп, аны сактап, муундан-муунга өткөрүп сактап келгендиги, ар бир улуттун негизги байлыгы – тил экендиги, андыктан улут катары жашап калууда ар бир элдин тили сакталышы, балдарды тарбиялоодогу үй-бүлөнүн ролу, башка тилдерди үйрөнүү менен катар өз эне тилин унутпоо зарылдыгы, глобалдашкан дүйнөдө жаштардын алыскы-жакынкы өлкөлөрдүн технологиясын, философиясын, музыка, мода ж.б. кабыл алуу менен улуттук демди дагы терең түшүнүүгө аракет кылып, дүйнөлүк коомчулукка атаандаша ала турган жаңы кыргыз жүзүн калыптандырып жатышкандыгы тууралуу кеңири айтып беришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө уңгужолдогу улуттук аң-сезимди жогорулатуу, руханий жана материалдык баалуулуктарды тең салмактуу өнүктүрүү, ошондой эле улуттук кызыкчылыктарды глобалык өзгөрүүлөргө шайкеш коргоо сыяктуу бир катар маанилүү багыттар талкууланды.
Жыйындын соңунда катышуучулар «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун негизги принциптери, багыттары боюнча кеңири пикир алмашып, таалим-тарбия, илим, билим жана маданият, мамлекеттик тил, экономика ж,б, тууралуу өз ойлорун айтышты.