Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Улуу акын, философ, илимпоз Жусуп Баласагенга 1000 жыл.

10 Мар 2015

2015- жылдын 6 мартында КР нын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн залында улуу акын, философ, илимпоз  Ж.. Баласагындын 1000 жылдыгына карата петсоналдык китеп көргөзмөсү болот.

      Өз учурунун билимдүү адамы болгон  илимпоз, ойчул, акын Жусуп азыркы Кыргызстандын Чүй өрөөнүнөн орун алган орто кылымга таандык шаар Баласагунда көрүнүктүү тарыхчы, окумуштуулардын ою боюнча азыркы Токмок шаарынын түштүк батыш тарабында орун алган Бурананын аймагы (1021- жылдар ченинде (кээ бир маалыматтар боюнча 1015-1016- жылдардын биринде) туулган экен. Өлгөн жылы белгисиз.


       Баласагундук Жусуп чыгармаларын түрк тилинде жазган. Анын бизге жеткен мыкты чыгармасы “Кутадгу билиг” (бактылуу болуунун билими) 1069- жылы (кээде 1069-1070- жылдардын биринде делет) Байыркы түрк тилинде жазылган.

       Поэма кара сөз менен жазылган чакан кириш сөздөн жана шарттуу түрдө глава деп атоого боло турган 72 бөлүмдөн турат. Поэманын жалпы көлөмү  13444 сап ырдан турат.

        Поэманын автору чыгармасын Кашкардын ханы Богра- хан деген титулу бар караханиддерден болгон Арстан хандын небереси Али- Хасандын уулу Тобгач Караханга тартуу кылат. Анын белегине ыраазы болгон хан акынга ордо кызматкерлеринин өзгөчө сыйлуу мансаптарынын бири болгон хас- хажиб наамын берет. Бул жөнүндө  поэманын кириш сөзүндө “Бул китепти жазган Баласагындык такыба, сыпаа киши. Ал китебин Кашкарда бүтүрүп, чыгыштын өкүмдары Табгач хандын ордосуна тартуу кылды, өкүмдар ага зор урмат — сый көрсөтүп, хас- хажиб наамын берип, анын зоболосун көтөрдү. Богра ханга кайрылып, аны сабырга, чогуу “туура жол издеп” калыс болууга үндөйт да, бул жарык дүйнөнүн “дөөлөтү” калпыс бийликке тирек бола албастыгын айтып, болочокко толгонтот.

      Суроо туулат: анын жалгыз дастаны чынында эле жалгыз болгонбу же бизге жетпеген дагы башка чыгармаларды жазганбы?

       Акындын атагы көп Чыгыш өлкөлөрүндө- Кытайда, Иранда жана “Түрктөрдүн жергесинде” кеңири белгилүү болгон. “ Кут алчу билимдин” оозеки тараганын кийинчерээк табылган эстеликтер да ырастады. Демек, андай болгон соң кол жазмасы белгисиз калып, ошонун айынан унутулган чыгармалары да болсо керек.

        Жусуп Баласагын өмүрдүн куштай тездигин, бир орунда турбас жаштыкты, өкүмү күч карылыкты илимий көз караштан талдоого алат да, акындын эркине, ыйман- чындыгын жашырбас айкөлдүгүнө таң калтырып коёт.

 

 

           Көргөзмөдө акындын өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган китептер, гезит- журналдардагы макалалар, статьялар коюлган.     

 

 

            Дареги: Бишкек, Ю. Абдрахманов көч. 208

               КРнын Улуттук китепканасы.Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу

                           басылмалар бөлүмү. № 57 каб. Тел: 30 46 97.