Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

«Улуу акын, ойчул жана агартуучу» аттуу китеп кйргйзмйсЇ

23 Июн 2010
(нет перевода)
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында 2010-жылдын 18-июнунда саат 1100дө кыргыздын туңгуч жазгыч акыны Тоголок Молдонун (Байымбет Абдрахманов) 150 жылдыгына байланыштуу Улуу акын, ойчул жана агартуучу» аттуу китеп көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү. Тоголок Молдо жөнүндөгү маалыматтар көргөзмөнүн 3 бөлүгүндө:
1. Көп кырдуу көркөм өнөр адамы
2. Улуу акындын тарыхый мурастары
3. Тоголок Молдонун замандаштары деген сыяктуу бөлүмдөрүндө көптөгөн китептери, эпикалык поэмалары, тамсилдери, юмордук чыгармалары жана ал жөнүндө жазылган монографиялар, брошюралар, макалалар, очерктер, эскерүүлөр, кабарлар, маалыматтык билдирүүлөр, ошондой эле калемдештеринин, замандаштарынын чыгармачылык портреттери коюлду.
Тоголок Молдонун чыгармаларында элдик ырлардан, кошоктордон тартып, «Шырдакбек», «Жаңыл Мырза», «Мендирман», «Эр Эшим» дастандарына, кыргыздын монументалдуу эпосу «Манас» үчилтигине чейин бар. Ал «Телибай тентек», «Жети таз менен жеке таз», «Бабыркан» деген жомокторду жана башка легендаларды кайра иштеп элге жеткирген.
Ал эми тамсилдеринде («Бөрү менен түлкү», «Эшек менен булбул»), поэмаларында («Кемчонтой», «Манаптардын залимдиги», «Куба кой менен ээсинин айтышканы» ж.б.) бөрүдөй ачкөз залимдери, түлкүдөй куулары сынга алынат.
Акындын балдарга арналган «Yркөр-үркөр топ жылдыз» «Турумтай», «Торпогум», «Куштардын аңгемеси», «Жер жана анын балдары» аттуу чыгармаларында өз өлкөсүнүн жаратылышы, тоолору, суулары, өсүмдүктөрү жөнүндө философиялык ойлорун билдирген. Ошондуктан аны балдар адабиятынын негиз салуучусу деп бекеринен айтышпаса керек.
Тоголок Молдонун мааракесин, анын чыгармачылыгын сыпаттап, көптөгөн акын-жазуучулар, жердештери, «Учур» театрынын артисттери акындын чыгармаларынан көркөм окуп беришти.
Көргөзмөнүн ачылышына маданий жана илимий кызматкерлер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, китеп окурмандар катышып, иш-чара ийгиликтүү өткөрүлдү.