Улуу Ата Мекендик согуш (1941–1945) жылдарында “Үч бурчтук каттар” майдандагы жоокерлер менен алардын тылдагы үй-бүлөсүн, жакын туугандарын, эл-журтун байланыштырып турган жалгыз булак болгон. Бул каттар ата журтун, туулуп-өскөн жерин сагынган жоокерлердин демине дем, күчүнө күч кошуп, душмандын мизин кайтарууга чоң түрткү болгон.
Алыстагы уулунан кабар күткөн ак элечек энелер, ак батасын берип узаткан ак сакалдуу аталар, өмүрлүк жарынын амандыгын тилеп, күтүп жүргөн ак жоолукчан жеңелер дагы ал каттарды аздектеп окуп, кымбатындай аярлап катып алышчу.
Кат согуш учурундагы эң маанилүү байланыш каражаты болгондуктан, аскер кызматкерлери да согуштук стратегиялык маалыматтарды атайын сырдуу сөздөр менен жазышып, “үч бурчтук каттар” аркылуу тиешелүү жерлерге маалымат берип, жооп алып турушкан.