Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Улуу лирик, курч сатирик жана драматург Мидин Алыбаевдин 100 жылдыгы

30 Ноя 2017
2017-жылдын 1- декабрында саат 11.00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде улуу лирик, курч сатирик жана драматург Мидин Алыбаевдин 100 жылдыгына арналган
"Ырым, сөзүм элге жетип баркталармын,
Кылымдарды аттап өтүп сакталармын"

аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы өткөрүлөт.
Кыргыз эллине таанымал таланттуу лирик акын-сатирик жана драматург М. Алыбаев 1917-жылы Жумгал районундагы Чаек айылында туулган. Асан чакырып койгон аты Асамидин болгон. Анын басып өткөн жолуна серп салсак акындын өмүрүнүн өтө кыскалыгын баамдайбыз. “Кара-Баткак” башталгыч мектебин бүгкөн соң, 1930-жылдардын башында педтехникумда окуп, 1936-1938-жылдары “Ленинчил жаш” газетасынын редакциясында иштеп, 1938-1940-жылдарда аскерге чакырылып акфиндер менен болгон согушка да катышып, чыгармачылыгы такшалган мезгилде тулуп өскөн айылында жүрүп, өмүрүнүн акыркы 4-5 жылында гана борбордун чыгармачыл чөйрөсүнө аралашыптыр.
Акындын чыгармачылык иши педтехникумда окуп жүргөндө эле башталган. 1937-жылы чыгармачылыкка жан дилин берип ынтызарланган акындын “Бактылуу жаштык” аттуу ырлар жыйнагы басмадан басылып чыккан. Ага кириш сөздү К. Маликов жазып “Келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш акын”- деп баа берген. Ага удаалаш эле “Ырлар жыйнагы” (1938), “Жомокчу мерген” (1939) деген китептери жарык көргөн.
М. Алыбаевдин калеми согуш убагында тапка келип, согуштан кийин да “Күтчү, секет”, “Соң-Көл” (1943), “Ыйлабачы”, “Жоомартка” (1944) сыяктуу көптөгөн ырларды жазса да, турмуштук окуядан алынган “Ыйлабачы” деген ыры башкалардан өзгөчөлөнүп турат. Жандай көргөн досу Жума каза болгондо, аялы Аселге арнап жазган булл ыры “Советтик Кыргызстан” журналына 1944-жылы жарыяланып, кийин 1957-жылы чыккан “Ырлар жыйнагына” кирген.
Акын өзүнүн кыска өмүрүндө артына лириканын өзгөчө бир чыныгы үлгүсүн калтырып кетти. Акындын өзгөчөлүгү ушунда. Ал кыргыз жергесинин асылдыгын даңазалап, жүрөктүн акыркы жолку кагышында карааны көзгө тартылып көрүнгөн калдайган Ала-Тоо, же агымы кату тоосуусунун илеби, ичиркенткен шаркыратма, жайлоо, боз-үй, саба жарган сары саамал жөнүндө айтабы, же болбосо “ак кол”, “акчүч” жеңеси, куучирен бюрократ, мансапкор, чиновник жөнүндө жазабы – кандай гана темаларда жазбасын окурмандын көңүлү менен жүрөгүнө, дилине кыткуйгандай уюп турганында. Анын өзгөчөлүгү турмуштагы жат көрүнүштөр менен келише албаганында. Андай жат, терс көрүнүштөрдү күчтүү сатирасы менен куйкалап, акыр-аягына чейин күрөшө билгенинде. Сатириктин “Балтек жөнүндө баян”, “Кызматтан түшкөн короз”, “Карга менен сагызган”, “Бака жана жылан”, “Түлкү менен кашкулак” жана башка тамсилдери өзүнүн тематикасынын эң актуалдуулугу менен сатиралык мазмунунун тереңдиги боюнча учурда да эң керектүү чыгармалардан болуп саналат.
Лирик акындын “Ала-Тоо”, “Соң-Көл”, “Суусамыр”, “Тянь-Шань”, “Жайкы жамгыр”, “Шаркыратма”, “Жайлоо суусу” аттуу ырлары окурмандар тарабынан жогору бааланып, бүгүнкү күнгө чейин жашоосун улантууда.
М. Алыбаевдин атын чыгарган жанрдын бири — анын эпиграмма, жолдоштук азилдери. Акындын азилдери элдин калың катмарына кеңири тарап, жатка айтылган. Чукугандай сөз тапкычтыгы, чындыкты бетке айткандыгы, акындын чеберчилиги анын азилдеринен айкын байкалат. Алсак, “Чалкан дос”, “Осмонаалы лөөкүй”, “Дүжүр бука”, “В. Маяковскийге акындык отчет”, “Тянь-Шань” өңдүү ыр, сатиралары буга айкын далил болот.
Ал балдар адабиятынын өнүгүшүнө аз да болсо өзүнүн салымын кошуп, “Жомокчу мерген”, “Эки бүркүт”, “Эмне үчүн короз таң алдында чакырат” аттуу чыгармаларын жаш окурмандарга тартуулаган.
Акын драматургия жанрында да ийгиликтүү иштеп “Жантектин керээзи”, “Курорттогу окуя”, “Зоотехник Буйлашев” деген драмаларды да жазган. Ал 1959-жылы дүйнөдөн кайткан.
Көргөзмөдө М.Алыбаев жөнүндөгү маалыматтар, китептер, газета-журналдар, публикациялар, фотодокументтер, макалалар орун алган.
Көргөзмөгө оомдук ишмерлер, маданий, илимий кызматкерлер, акын-жазуучулар, студенттер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышат.

Дареги: Бишкек т., Ю. Абдрахмановкөч. 208.
Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасы.
Тел.: 30-50-57, 30-47-04