Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Улуу ЖеЈишке 70 жыл

15 Апр 2015
2015-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында КТРКнын “Достук” радиосу жана “Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фонду, Улуттук китекана менен биргеликте Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата “Жеңишке айланган өмүрлөргө таазим!” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсүн жана эскерүү кечесин өткөрүштү.
 
Бул иш чарада Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери сөз сүйлөшүп, алар төмөнкүлөргө токтолушту. Улуу Ата Мекендик согуш – 1941-1945-жылы совет элинин фашисттик Германияга жана анын союздаштарына каршы Ата Мекенинин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн адилеттүү күрөшү. Улуу Ата Мекендик согуш дүйнөлүк 2-согуштун (1939-1945) маанилүү жана чечүүчү бөлүгү. Бул согушка Кыргызстандан барган кыргызстандык жоокерлердин көпчүлүгү мекенинин, өз элинин эркиндиги үчүн курман болушкан. Согуштагы эрдиктери үчүн 150 миң кыргызстандык жоокер орден жана медалдар менен сыйланышкан. Бул согушта мекен үчүн, совет элинин тынчтыгы үчүн, жер жүзүндөгү жашоо турмуш үчүн өлүмгө башын байлаган жоокерлердин өлбөс-өчпөс эрдигине терең таазим этебиз.  
Майданга аттанып кеткен бойдон үйүнө кайтпай, бөтөн жерде, бөтөн асман астында түбөлүк калгандар, жүз миңдеп саналат. Алар өз эл, өз жерин сүйгөндүгү жана ага берилгендиги үчүн өмүрлөрүн кыйышкан.  Көргөзмөгө 1941-1945-жылдар аралыгында согушка аттанып, кайра кайтпай дайынсыз кеткен жоокерлердин сүрөттөрү жайгаштырылды.. Мындан тышкары мектеп окуучуларынын жеңиш күнүнө арнап тарткан сүрөттөрү да көрүүчүлөрдүн назарына коюлду. Кыргызстандын белгилүү ырчылары Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерге патриоттук   сезимдеги  Жеңиш ырларынан аткарып беришти.
Иш-чарага ар улуттун өкүлдөрүнөн турган согуш ардагерлери, Кыргызстан элдер ассамблеясынын мүчөлөрү, коомдук ишмерлер, маданий жана илимий кызматкерлер, акын-жазуучулар, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, китеп окурмандар, студенттер катышышты.