2014-жылдын 28-мартындафевралында саат 1100дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде Кыргыз Республикасынын эл артисти, манасчы жана акын Уркаш Мамбеталиевдин 80 жылдыгына арналган
“…Эр Манастын көк байрагын көтөрүп,
Өмүр бою алып келди түшүрбөй.
Бир баштаса отура албай обдулуп,
Айтчу эле, күнү-түнү күпүлдөй…”
аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана эскерүү кечеси өткөрүлөт.
Уркаш Мамбеталиев Түп районунун Талды-Суу айылында 1934-жылы 8-мартта туулган, орто мектепти бүтүрүп, жоокердик милдетти аткарып, М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынан окуган. Чыгармачылык чыйыры Ысык-Көл облустук К. Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында артист болуп иштей баштайт.
Анын улуу манасчы С. Каралаев менен биринчи жолу жолугушуусу Манас айтуучулук ишинин башталышына негиз болгон. Областтык театр жоюлгандан кийин 1962-жылы Т. Сатылганов атындагы филармонияга манасчы-солист болуп ишке орношуп, ошол жерден ардактуу эс алууга чыккан.
Манасчы катары анын айтуусунда “Манастын колунун Чоң казатка аттанышы”, “Алмамбет менен Чубактын жол талашы”, “Кичүү казат”, “Көкөтөйдүн ашы” сыяктуу айрым бир үзүндүлөрү Улуттук илимдер академиясына кол жазма түрүндө өткөргөн. Өзүнүн вариантында “Семетейдин” биринчи бөлүгү жарык көргөн.
У. Мамбеталиев кенже эпосторго да көңүл бөлүп, “Эр Төштүктүн жер астына түшүшү”, Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Ч. Түлөбердиевге арналган “Чолпонбай” дастаны, С. Орозбаковдун эки томдук “Манас” боюнча 28 сааттык айтуусу, ар кыл маектери кыргыз радиосунун алтын фондусуна жазылып алынган.
Манасчынын манасчылык өнөрдү кесип кылып алышына Сагымбай менен Саякбайдын таасири, кийин Ы. Абдракмановдун таасири тийген.
У. Мамбеталиев эл алдында Сагымбай, Саякбай, Молдобасан өңдүү манасчылардын “Манастын төрөлүшү”, “Кошой менен Жолойдун күрөшү”, “Коңурбай менен Манастын сайышы”, “Каныкейдин Тайторуну чапканы”, “Семетей менен Тоо балбандын күрөшү”, “Семетейдин Таласка келиши” аттуу ж.б. бир нече эпизоддордон үзүндүлөрүн аткарып келген. Белгилүү манасчы “Манас” эпосун таанытууда Япония, Кытай, Польша, Италия, Түркия, Германия ж.б. мамлекеттерде гастролдордо болуп, чет элдик көрүүчүлөр анын айтуучулук өнөрүнө таң беришкен.
У. Мамбеталиев манасчы гага эмес акындык жеке чыгармачылыгы менен да таанымал. Анын “Көктөм”, “Жол ырлары”, “Тоо жылдызы”, “Ашуу”, “Алтын аяк”, “Таазим”, “Тулпарлар”, “Арча жыты”, “Кабылан курак дүбүртү” аттуу поэзия жыйнактары 10 китеп болуп чыгарылган.
Кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн мамлекет тарабынан жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Кыргыз эл артисти деген наамдар ыйгарылып, III даражадагы Манас ордени, “Манас – 1000” медалы, Ардак грамоталар менен сыйланган. Дүйнөлүк интеллектуалдык уюмдун алтын медалына татыктуу болгон. Түп районунун “Ардактуу атуулу” наамын алган. Эң негизгиси “Эл манасчы”, “Залкар манасчы” деген наамдардын ээси.
Көргөзмө 3 бөлүктөн турат:
1. Таң калтырган, тамшандырган манасчы;
2. Оргуган талант;
3. Замандаштары барктайт, даңктайт.
Көргөзмөгө КР ЖКнын депутаттары, коомдук ишмерлер, илимдин, маданияттын кызматкерлери, манасчылар, манастаануучулар, массалык-маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, анын замандаштары, туугандары, студенттер жана окурмандар катышышат.
Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 208
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы. Тел.: 30-50-57, 30-47-04
Пресс-релиз
28 марта 2014 года в 1100 ч. в фойе Национальной библиотеки Кыргызской Республики состоится открытие книжно-иллюстративной выставки и вечер памяти
“…Эр Манастын көк байрагын көтөрүп,
Өмүр бою алып келди түшүрбөй.
Бир баштаса отура албай обдулуп,
Айтчу эле, күнү-түнү күпүлдөй…”,
посвященные 80-летию со дня рождения солиста-манасчи, народного артиста КР Уркаша Мамбеталиева.
У. Мамбеталиев родился в 1934 году в аиле Талды-Суу Тюпского района Иссык-Кульской области. После окончания средней школы служил в рядах Советской Армии, затем окончил музыкальное училище имени М. Куренкеева в г. Фрунзе.
Творческую деятельность начал в Иссык-Кульском областном драматическом театре им. К. Жантошова, где работал актером. Встреча с известным сказителем Саякбаем Каралаевым оставила в его душе глубокий след и положила начало сказительской деятельности.
В исполнении У. Мамбеталиева на республиканском радио записаны несколько крупных эпизодов эпоса «Манас», в том числе «Рождение Манаса», «Ссора Алманбета и Чубака», «Поминки по Кокетею» и другие. Кроме того, опираясь на мастерство сказителей эпоса «Манас», он исполнял фрагменты из дастанов «Эр Тоштюк» и «Чолпонбай», придавая им только ему присущей манерой сказа своеобразную окраску.
Блестящие голосовые данные, артистизм, постоянное стремление к совершенствованию своего мастерства, требовательность к творчеству позволили У. Мамбеталиеву стать ярким исполнителем эпоса «Манас».
Искусство манасчы Уркаш Мамбеталиев демонстрировал во многих странах – в Японии, Италии, Китае, Турции, Пакистане. И везде пользовался неизменным успехом, завоевав тем самым огромную любовь и признательность зрителей.
Выставка состоит из 3-х разделов:
1. “Таң калтырган, тамшандырган манасчы”;
2. “Оргуган талант”;
3. “Замандаштары барктайт, даңктайт”.
На книжно-иллюстративной выставке представлены книги, фотодокументы, а также статьи, отражающие жизненный путь У. Мамбеталиева.
В открытии выставки примут участие депутаты ЖК КР, общественные деятели, работники культуры, образования, поэты, писатели, сказители эпоса «Манас», представители средств массовой информации, студенты ВУЗов, а также друзья и родственники У. Мамбеталиева.
Адрес: г. Бишкек, ул. Ю. Абдрахманова, 208.
Национальная библиотека Кыргызской Республики. Тел.: 30-50-57, 30-47-04