Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Усонбек Асаналиевдин 85 жылдыгына арналган китеп коргозмо

25 Авг 2017
2017-жылдын 14-августда Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын «Кыргыз китеби»бөлүмүндө белгилүү окумуштуу — түрколог, акын жана котормочу Үсөнбек Асаналиевдин 85 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү өттү.
Акын, котормочу, түрколог Үсөнбек Асаналиев 1932-жылы 14-августта Жети- Өгуз районунун Даркан айылында туулган. 1949-1950- ж.ж. Кара-Кол шаарындагы мугалимдер институтунда , 1951-1956-ж.ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуган. 1956-1959-ж.ж. Даркан орто мектебинде мугалим болуп иштеген.
1959-1968-ж.ж. Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, 1968-1971-ж.ж. Кыргыз Советтик Энциклопедиясында редакция башчысы, жооптуу катчы болуп эмгектенген.
1971-1993-ж.ж. Кыргыз мамлекеттик университетинде филология факультетинин кыргыз тил илими кафедрасынын улук окутуучусу, доценти, кафедра башчысы болгон.
1993-2001-ж.ж. Кара-Кол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ыссык-Көл мамлекеттик университетинин доценти, кафедра башчысы, 2002-жылы аталган университеттин «Ардактуу профессору», 2001-жылдан Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин ректаратынын консультанты, кыргыз тили илиминин кафедрасынын профессору болгон.
1967-жылы «Лобнор тилинин кыскача грамматикалык очерки» аттуу кандидаттык диссертация жактаган, түрколог. Бир канча илимий эмгектердин, адабий котормолордун автору, акын, комузчу.
1959-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун грамотасы менен сыйланган. 1985-жылы «Эл агартуунун отличниги» наамы берилген. 1999-жылы «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» наамы ыйгарылган. 2002-жылы Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн персоналдык пенсионер. 2005-жылдан бери филология илимдеринин доктору.
Көргөзмөгө коюлган эмгектери: «Сөз-сөөлөт» (1999-ж); «Ой- оомат» (2002-ж); «Арзуу» (2003-ж); «Жакшы сөз жан азыгы» (2008-ж). Котормолору: «Ак сөз арбыйт» (1971-ж); «Хакас эл жомоктору» (1975-ж); «Чыгыш элдеринин макал-лакаптары» (1980-ж); «Орус эл жомоктору» (1985-ж); «Белорус эл жомоктору» (1987-ж). Ошондой эле газета, журналдардан алынган материалдар коюлду.

Адрес: Бишкек ш., Абдрахманов көчөсү, 208
А.Осмонов атындагы Улуттук китемкана.