Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Ыйман, адеп жана маданият – кййнйрбйс рух азыгы…

14 Фев 2017
2017-жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын фойесинде Кыргыз Республикасынын Президентинин “2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп жарыяланган Жарлыгынын алкагында “Ыйман, адеп жана маданият – көөнөрбөс рух азыгы…” аттуу китеп көргөзмөсүнүн бет ачары өткөрүлдү.
Иш чарага КР Маданият, маалымат жана туризм министри Т.Казаков, Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын төрагасы Т.Мамытов, КР Президентинин Аппаратына караштуу ыйман маданиятын өнүктүрүү боюнча “Ыйман” фондунун төрагасы Н.Кадырбеков, кыргыз эл акыны Н.Алымбеков, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, БГУнун профессору Т.Ишемкулов, педагогика илимдеринин доктору, профессор, коомдук ишмер Ж.Каниметовдор, маданият кызматкерлери, акын, жазуучулар, студенттер, окурмандар, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
Китеп көргөзмөсүн Улуттук китепкана директору Ж.Бакашова ачып, төмөнкүлөргө токтолду.
Кылым карыткан ой берметтерин аяр ачып ар бир элдин салт-санаасы, ой тилеги, ар бир адам баласынын ыйман-дили, дээри, адеп-ахлак кенчи, тарбиясы айтып бүткүс таржымалы бар. Кыргыз эли илгертеден эле сөзгө терең маани берип, сүйлөп жатса да ыр менен сүйлөгөн, сөздү сүйлөй да, сөзгө жениле да билген нарктуу, бир сырдуу, миң кырдуу асыл эл.
Жарлыктын максаты жарандын руханий мүмкүнчүлүгүн, маданиятын, адеп-ахлагын өстүрүү жана Кыргызстандын уул-кыздарын тарбиялоого көңүл буруу.Ушуга байланыштуу, өзгөчө жаштар арасында кызыктуу иш-чаралар өткөрүлүп, ата-бабалардын кылым карытып келаткан жакшы каада-салттарын, ыймандуулукту, ата-энелерди, улууларды сыйлаганды жаштарга жеткирүү милдети турат деп айтып өттү.
КР Маданият, маалымат жана туризм министри Т.Казаков, Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын төрагасы Т.Мамытов, КР Президентинин Аппаратына караштуу ыйман маданиятын өнүктүрүү боюнча “Ыйман” фондунун төрагасы Н.Кадырбеков, кыргыз эл акыны Н.Алымбеков, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, БГУнун профессору Т.Ишемкулов, педагогика илимдеринин доктору, профессор, коомдук ишмер Ж.Каниметовдор сөз сүйлөшүп, ыйман, адеп жана маданият жөнүндө көптөгөн акыл-насааттарын айтышты.
Ыйман, адеп деген улуу да ыйык да касиетке ээ узун сөз. Ал адамдын анык нарк-насилинин, адеп-ахлагынын бийик да, жаркын көрүнүшү. Чыны ыймандуу адамдын жүзүнөн да, маңдайынан да жылдызы жанып, нуру төгүлүп турат, кадыр-баркы да ошого карай бааланат. Алардын жылуу мээрими кандайдыр өзүнө тартып, аларга болгон жакындыкты сезесиң.
Тээ байыртадан акылман даанышмандар, аалымдар, сөздүн чыныгы зергер-саяпкерлери болгон залкар акындар бул боюнча өздөрүнүн толгон-токой ой-пикирлерин, насааттарын айтышып, көз караштарын билдиришип, нечендеген казал, поэма, дастандарын жаратышып, китептерин жазышып, баалуу белек, мурас катарында кийинки муундарга калтырышып кетишти.
Боорукердик, ырайымдуулук, адамдык парз ж.б. менен катар адамда адамдык касиеттин ойгонушу – бул төрт тарабы төп келишкен нагыз адамгерчиликтин башаты жана туу чокусу болуп эсептелет. Ал келечек көкүрөктөн-көкүрөккө, муундарга ооздон-оозго өтүп, ар бир инсандын жүрөгүнө ыймандуулуктун отун тамызып кылым санап кете бермекчи.
Ушунун баары эске алынып бул жарлык учурунда кабыл алынганы, ушул жагына басым жасалып жатканы бекер жерден эмес.
Көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмер И.Раззаковдун “Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот!”, деген учкул да, баалуу сөзүн келтирүү менен келечекте ыймандуулук, адеп өкүм сүрүп, оң мүнөздөгү касиет сапаттарга, айкөлдүккө ээ болуу биздин негизги максатыбыз болуп саналат.
Кыргызстан ийгиликтүү өнүгүшү үчүн жарандарыбыз, жаштарыбыз адептүү жана ыймандуу, терең билимдүү, башка ой-пикирлер менен көз караштарга сабырдуу болуп тарбияланууга жана албетте, өз элинин тарыхы менен маданиятын билүүгө тийиш.
Иш чара катышуучулар тарабынан кызуу кабыл алынып, өз максатына жетти. Көргөзмөгө китептер, газеталык макалалар, журналдар коюлду.