Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Ынтымакты, биримдикти кйздЇн карегиндей сактайлы

15 Июн 2017
2017-жылдын 4-июнунда А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын мезгилдүү басма бөлүмүндө Ош окуясында курман болгондорду эскерүү күнүнө карата “Ынтымакты, биримдикти көздүн карегиндей сактайлы” аттуу көргөзмө уюштурулду.
Өлкөбүздүн түштүгүндө мындан жети жыл мурда болуп өткөн каргашалуу июнь окуясы далай үй-бүлөнү азап-муңга салып, мамлекетибизге чоң мүшкүл алып келгендиги баарыбыздын жүрөгүбүздө. Ош (2010) окуясын унутууга акыбыз жок жана баардыгыбызга чоң сабак болууга тийиш.
Ынтымакты, биримдикти көздүн карегиндей сактайлы!
Бул көргөзмөгө газета – журналдан алынган макалалар коюлду: “Кыргыз Туусу”, “Эркин Тоо”, “Ош шамы”, “ Вечерный Бишкек”, “Слово Кыргызстана”, “Замандаш”, “Жетиген”, жана башкалар.

Дареги: Бишкек ш. Ю.Абдрахманов көч.208
Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Юридикалык адабият бөлүлүмү.
Тел: 30-50-64