Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

«Ысык-Кйл йрййнЇнЇн тарыхы, учуру жана келечеги».

01 Мар 2018
2018-жылдын 2-мартында саат 11.00дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында «Ысык-Көл өрөөнүнүн тарыхы, учуру жана келечеги». (Арык Мырзанын эстелигин тургузууга жана залкар комузчу Ыбырай Тумановдун 130 жылдыгына карата») деп аталган темада конференция болот.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын аткаруу үчүн өткөрүлүп жатат. Иш-чаранын уюштуруучулары: Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясы, Ак-Суу районунун “Арашан” коомдук бирикмеси, “Мурас” коомдук фонду, КРСУнун юридикалык факультети жана Кыргызстандын Улуттук китепканасы.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн проблемаларына коомчулуктун көңүлүн буруп жана күч-аракеттерин багыттап, ошондой эле өлкөнүн региондорун өнүктүрүүдө системалуу өзгөртүүлөрүн болушуна түрткү маселелер каралат.
Ошондой эле Ысык-Көл жергесинен чыккан тарыхта белгилүү адам болгон Арык Мырзага конференцияда өзгөчө көңүл бурулат. Анын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана мааниси жөнүндө белгилүү тарыхчы илимпоздор илимий маалыматтарды беришет жана докладдарды жасашат.
Каракол шаардык кеңешинин депутаттарынын чечими менен Арык Мырзанын атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө бүтүм чыгарылган жана анын негизинде Каракол шаарында Арык Мырзанын эстелиги орнотулат.
Иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, коомдук ишмерлер, билим берүүнүн жана маданияттын ишмерлери, министрликтер менен ведомстволордун, Ысык-Көл облусунун облустук жана райондук администрацияларынын өкүлдөрү, ЖОЖдордун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.