Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Ысырапкорчулуктан арылмайынча жашообуз оЈолбойт”

04 Мар 2016

2016-жылдын 3-мартында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында “Ысырапкорчулуктан арылмайынча жашообуз оңолбойт” деген темадагы материал боюнча жана “Кыргыз Республикасында салттарды, салтанаттарды жана каада-жөрөлгөлөрдү тартипке салуу жөнүндө” мыйзамдын долбооруна байланыштуу тегерек столдун ачылышы өткөрүлдү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик, коомдук ишмерлер, маданий, илимий кызматкерлер,чыгармачыл адамдар, студенттер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
Бул иш-чараны Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана директору Ж. Бакашова кириш сөз менен ачты.
Бүгүн биздин Улуттук китепканабызда “Ысырапкорчулуктан арылмайынча жашообуз оңолбойт” деген темадагы материал боюнча жана “Кыргыз Республикасында салттарды, салтанаттарды жана каада-жөрөлгөлөрдү тартипке салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна байланыштуу тегерек стол иш-чарасын уюштуруп отурабыз.
Бул иш-чара Кыргызстан Ассамблея элинин Кеңешинин төрагасы, Улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор Мурзубраимов Бектемирдин жана Улуттук китепкананын демилгеси менен өткөрүлүүдө.
Тегерек столдун алкагында каада-салт, үрп-адат, ырым-жырымга байланыштуу китептер, газета-журналдык материалдар, интервьюлар көргөзмөсү коюлду.
Сөз Кыргызстан Ассамблея элинин Кеңешинин төрагасы, Улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор Мурзубраимов Бектемир берилип, ал төмөнкүлөргө токтолду. Улуттук каада-салттар үрп-адаттар жөнүндө республикабыздын массалык маалымат каражаттарында көп жылдардан бери олуттуу ойлорду ортого салган макалаларды жарыялап келгендиги, ал макалалар эл арасында кызуу талкууланып, улуттук каада-салттардын акыйкат баа берген көптөгөн ой-пикирлерди, сунуштарды пайда кылгандыгын айтты.
Ошондон кийин бул маселенин актуалдуу экендиги эске алынып, Кыргыз Өкмөтү токтом кабыл алган. Ал токтомдун аткарылышы боюнча республикалык деңгээлдеги жетекчилер катышкан кеңири кеңешмелер, тегерек столдор өткөрүлгөндүгү жөнүндө айтты.
Ушул темада Жогорку Кеңештин депутаттары А. Салянова, Нышанов Сайдулла, Э.Токтошев, филология илимдеринин доктору С. Байгазиев, коомдук ишмер К. Исабеков, Академик, УИАнын вице-президенти А. Акматалиев, УИАнын философия институтунун директору О. Тогусаков, тарыхчы К.Молдокасымов, социология илимдеринин доктору, профессор К. Исаевдер ушул темада сөз сүйлөшүп өзүлөрүнүн омоктуу ойлорун ортого салышты. Жыйындарда жетекчилер, ардагерлер, коомдук уюмдар да, азыркы шартка сыйбаган мааракелерди, ашыкча каада-салттарды чектөөнүн зарылчылыгын айтышат. Бирок мурдагыдай эле ашыкча ыгым-чыгымдарды талап кылган каада-салттар, мааракелер андан азайып кеткен, же цивилизациялуу нукка түшкөн деле жок.
Трибуналарда аксакалдар, мамлекеттик кызматкерлер элди ашык чыгымдуу каада-салттарга чек коюуга чакырышкан менен өздөрү үлгү көрсөтүшмөк түгүл конкреттүү фактыларды көрүп турушса да “бул туура эмес” деп койгонго жарашпайт. Башкаларга жайылтуу үчун өздөрүнүн коомдун, элдин алдындагы жоопкерчиликтерин
терең сезген абройлуу инсандардын биринчи кезекте мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын жетекчилеринин конкреттүү үлгүлөрү керек деп айтышты.
Башкалар болбосо да Демократиялык кодекстин беренелерин кыйшаюусуз карманып, тутунууга милдетүү. Анын талаптарын бузган мамлекетик кызматкерге токтоосуз административдик чаралардын көрүлүүсү зарыл. Тилекке каршы мааракелердин ашыкча ыгым-чыгымдарды талап кылган аш-тойлордун басымдуу көпчүлүгү ар кандай рангдагы жетекчилер, чоң-чоң жамааттарды жетектеген ишкерлер тарабынан өткөрүлүп жаткандыгы эч кимге деле жашыруун эмес.
Биздин эң чоң кемчилик, Демократиялык кодекс, Акыйкат башкаруу деген сыяктуу ж.б. көптөгөн коомдук кабыл алынган менен аларды бузгандарга карата кандай чара көрүлө тургандыгы көрсөтүлгөн эмес. Ошондуктан ашыкча ыгым-чыгымдарга жол койгон шаан-шөкөттөрдү өткөргөн мамчиновниктерге карата таасир көрсөтө турган так механизми болуусу зарыл. Анткен менен, шаарыбызда кафе-ресторандардын катары өсүп, аларда той өткөрүш үчүн кезекке тургандардын тизмеси да узарып баратканы жашыруун эмес.
Ашыкча чыгым, ысырапкорчулук тойдо укмуштуудай эле болуп жатат. “Эрегиштен эр өлөт” болуп, кокуй, тиги баласын “Лимузинге” салыптыр, мен “Хаммерге” салайын! – дейт. Же болбосо, кээде бала ата-энесин кыйнап, менин тоюм Баланча ресторандан өтүш керек деген учурлар болот. Ошентип, ата-эне карызга же кредитке акча алат, тойдо төгүлүп чачылат, чабылат, карызы ашып түшөт. Ысырапкорчулук кээде ырчыларды ырдатууда дагы болот. Кээ бирөөлөр ырчыга чейин тандайт, кээ бири эки ыры кетсе жылдыз болуп калган ырчылар, ставкасын көтөрүп, акчасын алып баса беришет.
Кыргыз тоюнда “Манастан” бир үзүндү укса жакшы болмок, кыргыз салт-санаасын, жакшы жөрөлгөлөрдү, улуттук маданиятты танытууда төкмөлөрдүн чакырылышы да тойдун көркү ачылмак.
Чындыгында бүгүнкү талкууланып каралып жаткан маселе элдин күйүп турган маселеси, эл муну кубаттайт, колдойт. Баары, мыйзамдык, нормативдик документти кабыл алууда турат.
Иш-чара катышуучулар тарабынан кызуу кабыл алынып, өз максатына жетти.