Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Юнусалиев Болот Мураталиевичтин 110 — жылдыгына арналган көргөзмө уюштурулду.

Юнусалиев Болот Мураталиевичтин 110 — жылдыгына арналган көргөзмө уюштурулду.
06 Окт 2023

2023 — жылдын 6 — октябрында Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлумүндө Юнусалиев Болот Мураталиевичтин 110 — жылдыгына арналган көргөзмө уюштурулду. Б. М. Юнусалиев 1913 жылы азыркы Кемин району, Кичи-Кемин айылында туулган. Кыргыз тил илимин негиздөөчүлөрдүн бири, турколог, «Манасты»изилдөөчү, коомдук ишмер. Кыргыз Илимдер академемиясынын академиги, филология илиминин доктору, профессор, Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери. Кыргыз Илимдер академиясынын «Манас» секторунда улук илимий кызматкер болуп иштеген. «Манас» эпосунун орчундуу проблемаларын изилдөө ишине эпоско байланыштуу талаш-тартыштар кызуу жүрүп жаткан мезгилде-элүүнчү жылдардын баш чендеринде киришкен. Окумуштуу бул мезгилдеги изилдөөлөрүндө негизги көңүлдү «Манас» эпосунун келип чыгышы жана анын мазмуну чагылдырган доордун мүнөзү сыяктуу маселесине буруп, чыгармага бааны ал пайда болгон доордун мүнөзүнө карата берүү зарыл деген талапты койгон. Ушул ойду «Манаска» арналган биринчи эмгеги-«Манас»эпосунун доору жана келип чыгышы жөнүндө маселеге карата деген макаласында чагылдырылган.