Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

ӨЗ МЕЗГИЛИНИН КӨП КЫРДУУ ТАЛАНТЫ

ӨЗ МЕЗГИЛИНИН КӨП КЫРДУУ ТАЛАНТЫ
13 Фев 2024
Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын маданият жана искусство бөлүмү 2024-жылдын 13-февралында немец композитору, пианисти, дирижеру жана мугалими Феликс Мендельсон- Бартольдинин туулгандыгына 215 (1809-1848) жылдыгына арналган китеп сурөт көргөзмөсү коюлду. Феликстин атасы Авраам Мендельсон деген банкир болгон. Чоң атасы Мозес Мендельсон атактуу еврей философу. Жаш Феликс бай, чыгармачылык жана интеллектуалдык чөйрөдө өскөн. Анын үйүндө ошол замандын көптөгөн атактуу философтору, композиторлору жана көрүнүктүү мугалимдери конокто болушкан. Алардын бири Карл Цельтер Феликстин музыкага болгон шыгын байкап музыкалык теориядан сабак бере баштайт. Ошол эле мезгилде Людвиг Бергерден фортепиано, Карл Хеннингден андан сон Эдуард Рицтен скрипка боюнча сабак алат. Ал 11 жашында ре-минордук концертин жазат. Мына ушундан баштап анын композитордук чыгармачылыгы өркүндөй баштайт. Феликс Мендельсон көптөгөн операларды, ораторияларды, кантаталарды, оркестрдик сочиненияларды, концерттерди, камералык чыгармаларды, фортепиано үчүн чыгармаларды, орган учун чыгармалардык, вокалдык жана хордук чыгармаларды жазган. Ал өзүнүн концерти менен буткул европа мамлекеттерин кыдырган. 1847 –жылы 4-ноябрда 39 жаш курагында Германиянын Лейпциг шаарында дүйнөдөн кайткан. Азыркы учурда Гольдмидтшрасседеги №12 чи уйу Феликс Мендельсондун музейине айланган. Көргөзмөдө ал жөнүнүдө китептер, журналдар, сүрөттөр орун алды.