Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Залкар энциклопедист

15 Дек 2016
2016-жылдын 9-декабрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде Тарых жана маданият жылынын алкагында Кыргызстандын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, СССРдин басма сөз отличниги, тунгуч кыргыз энциклопедиячыларынын бири, инженер-геолог, журналист Закон Бейшеевдин 80 жаш курагына арналган “Залкар энциклопедист” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы жана жолугушуу кечеси болуп өттү.
Көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасынын милдетин аткаруучу Медербек Аким уулу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын эксперти Тажиматов Санжарбек, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарынын кеңешчиси Калман Азамат, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областынын Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Борбукеева Рита Нурманбетовна, “Кыргыз энциклопедиясы” Башкы редакциясынын директору Андашев Дилдебек, маданият кызматкерлери, ЖОЖдордун студенттери, З.Бейшеевдин туугандары катышышты.
Китеп-сүрөт көргөзмөсүн Улуттук китепкана директору Ж.Бакашова ачты. Ал төмөнкүлөргө токтолду.
Кыргызстандын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, СССРдин басма сөз отличниги, тунгуч кыргыз энциклопедиячыларынын бири, инженер-геолог, журналист Закон Бейшеевдин өмүр изине, элине сиңирген кылымдар көөнөрбөс эмгегине кыскача сереп салсак, анын феномени өзгөчө кароого татыйт. Закон Бейшеевич энциклопедиялык билимге ээ, илимий ой-чабыты кенен, интеллекти бийик, чебер насаатчы, өз эли үчүн өмүрүн, билими менен тажрыйбасын сарптаган кеменгер, кыргыздын улуттук энциклопедиясынын башатында туруп келген адам катары билебиз. З. Бейшеевди интеллектуалдык шыгы, кызыкчылыктары жана ишмердүүлүгү, билимдин бир гана тармагы менен чектелбеген, уникалдуу акылга жана жөндөмдүүлүккө ээ адам десек жаңылбайбыз. Ал Кыргызстандын көп томдуу универсалдык улуттук энциклопедиясын түзүүнүн башында турган. Анын жетекчилигинин алдында советтик кыргыз энциклопедиясынан (“Кыргыз Совет энциклопедиясы”) тышкары регионалдык “Ысык Көл. Нарын”, “Ысык-Көл облусу”, “Ош облусу”, “Фрунзе” жана башкалары, тармактык “Физика”, “Химия”, “Математика”, “Биология”, “География” жана башкалары жана сөздүктөр жарык көргөн. З. Бейшеев “Манас энциклопедиясын” түзүүнүн демилгечиси жана активдүү аткаруучусу болгон. Ал ошондой эле Республикалык “Эскерүү китебинин” 15 томун чыгарууга активдүү катышкан, анда Улуу Ата мекендик согушка (1941-1945-жж.) аттанган кыргызстандык каарман аскерлердин аты жазылган.
Ысык-Көл областынын Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Борбукеева Рита Нурманбетовна Ысык-Көлдүн Каракол шаарында, туулган айылы Жети-Өгүз районунун Саруу айылында З.Бейшеевдин 80 жылдыгына карата иш чаралар жогорку деңгээлде өткөрүлгөнүн айтып өттү. Биз атабыз менен сыймыктанабыз, ишине чоң-чоң ийгиликтерди каалайбыз деп сөзүн аяктады.
З. Бейшеев жаратылышка, жер астындагы байлыкка, флора жана фаунага арналган көптөгөн публикациялардын жана китептердин автору катары белгилүү.
Маданиятты жана ата мекендик энциклопедиялык адабиятты өркүндөтүүдөгү сиңирген чоң эмгеги жана салымы үчүн З. Бейшеев көптөгөн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган. Ал Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, “Эмгек ардагери” (“Ветеран труда”), “Даңк” медалы, Ардак Грамоталар менен сыйланган.
Көргөзмөгө З. Бейшеевдин турмуш жолун жана чыгармачылыгын чагылдырган китептер, публикациялар, фотодокументтер жана башка материалдар коюлду.
Асылгөй инсан, айкөл адам, кыргыз калкынын сыймыгы болгон Закон Бейшеев 80 жашка чыкса да эли үчүң кызмат кыла берет. Иш чаранын аягында З.Бейшеев жөнүндө документалдык кыскача фильм көрсөтүлдү.