2025 -жылдын 24-октябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында залкар комузчу, ырчы жана композитор Кыргыз ССРинин эл артисти Атай Огонбаевдин 125 жылдык мааракесин утурлай “Атай Огонбаев” энциклопедиясынын биринчи томунун бет ачары болду.



Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, Түрксой уюмунун башкы катчысы Султан Раев, жазуучу Асан Жакшылыков, киноактёр Бусурман Одуракаев баштаган маданият жана искусство өкүлдөрү, окумуштуулар, коомдук ишмерлер жана Атай Огонбаевдин небере, чөбөрөлөрү катышты.
Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын маалымат-массалык иштер жана маданий программалар бөлүмү тарабынан китеп көргөзмө да уюшулду.

Иш чарага катышкандар Атай Огонбаев кыргыз музыкасынын жаңы доорун ачып, улуттук обондун дүйнөлүк деңгээлге көтөргөн залкар инсан экенине токтолушту. Ошондой эле “Атай Огонбаев” энциклопедиясы улуу обончу тууралуу баалуу маалыматтарды камтыган кийинки муундар үчүн маанилүү маданий мурас экенин баса белгилөө менен аталган эмгектин автору, филология илимдеринин кандидаты Аттокур Джапановго жана демилгени колдогон Султан Раевге ыраазычылык билдиришти.






Ошондой эле мааракенин алкагында 2025-жылдын ичинде бир катар иш-чаралар өткөрүлүп, Атай Огонбаев тууралуу документалдуу жана көркөм тасмалар көрсөтүлөөрү айтылды. Атай Огонбаевдин чыгармачылык мурасын даңазалоо жана кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу максатында Берлин, Анкара жана Будапешт шаарларында концерттик иш-чаралар пландалып жатканы тууралуу жана илимий-практикалык конференция өткөрүлөөрү боюнча да маалымат берилди.