Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Залкар мамлекеттик ишмер Иманаалы Айдарбековго -130 жыл.

05 Дек 2014

Кыргыз Совет мамлекетин уюштуруучуларынын бири Иманаалы Айдарбеков элибиздин тарыхына зор салым кошкон чыгаан жана залкар инсандарыбыздын катарындагы мамлекеттик ишмер экедиги талашсыз.


Иманаалы Айдарбеков 1884- жылы Пишпек уездиндеги Аламүдүн (азыркы Жал) айлында туулган. Иманаалы чарбачыл, оокатуу үй- бүлөдөн болуп, алгач ал менчик мектепте окуган, андан соң 1889- жылы Пишпектеги төмөнкү айыл чарба мектебинин даярдоо классына кабыл алынган, сезимтал бала билим алууга шыктуу болгондуктан төрт жылдык окууну эң жакшы аяктагандан кийин мектеп жетекчилери Иманаалыны 1905- жылы Ташкенттеги гидротехникалык мектепке жиберет.Иманаалы Ташкентте жүргөндө колониячылардын үстөмдүк эзүүсү саясатынын ырайымсыздыгын даана түшүнөт. Анткени 1905-1907- жылдардагы биринчи орус ревалюциасынын жаңырыгы Түркстан өрөөнүн аралап өтүп, эзилген кактын саясий күрөшкө тартылганына өз көзү менен күбө болгон.

1908-жылы атасынын күтүүсүздөн кайтыш болушу, үй-бүлөөдөгү оор абал Иманаалыны Ташкенттеги окуусун таштап, туулган айлы Аламүдүнгө келүүгө аргасыз кылат. Үйдөгү бардык түйшүк анын мойнуна түшөт. Мектептерден алган билимин иш жүзүндө ийгиликтүү колдонгодун натыйжасында Иманаалынын чарбасы тез эле бакубаттыкка жеткен.

И. Айдарбковдун саясий майданга качан жана кандайча өткөнү жөнүндө так айтуу кыйын. Алгач ал “Алаш ордо” жана “Солчул Эссерлер” партиясында болгон деген изилдөөчүлөрдүн көз караштары бар. Пишпектин кары жашоочусу Яков Иванович Гридшиндин “Айдарбеков Чүй каналын куруп жаткан жумушчу кыргыздардын арасында үгүттөө иштерин жүргүзгөн. Ал абдан билимдүү, чечен адам болгон” деп эскерет.

Совет бийлиги орногондон кийин Айдарбеков ар кандай жооптуу кызматтарда иштеген.1918-20-жылдарда Пишпек уезддик–шаардык Совет аткомунун, 1920-21 жылдары Каракол уезддик ревкомунун мүчөсү, 1921-23 жылдары Жетисуу областынын жер бөлүмүнүн башчысы, облаткомдун төрагасы, 1924-жылы Кыргыз Автономия областынын ревкомунун төрагасы болуп шайланган. 1925-26 жылдары Ташкентте “Орто Азиядан” кеңсесинде башкармалыктын мүчөсү болгон. 1927-29-жылдары Кыргыз АССРинин жеңил өнөр жай жана соода эл коммисары, 1930-31-жылдары Кыргыз айыл чарба банкынын башкармачылыгынын мүчөсү, Кыргыз АССРинин юстиция эл коммисары, Кыргыз АССРинин Башкы сотунун төрагасы болуп иштеген. Айдарбеков Советтердин болуштук, уезддик, областтык съезддерине бир нече ирет делегат болуп шайланган. Аксуу козголоңун, Нарындагы көтөрүлүштү басууга катышкан. Совет бийлигин чыңдоого жигердүү катышкандыгы үчүн Кыргыз АССР Борбродук аткомунун Ардак грамотасы менен сыйланган.

1936- жылы И. Айдарбеков ден- соолугунун начарлыгына байланыштуу эс алууга чыгат. Партия жиберген бардык кызматтарда Айдарбеков өзүнүн партиялык жана жарандык милдетин ак ниеттүү жана адилеттүү аткарган.Өз мекенинин атуулу катары ал Советтик Кыргызстандын өнүгүп, гүлдөп өсүшүнө, кубаттуу индустриясы жана өнүккөн айыл- чарбасы бар Республикага айланышына, кыргыз эли сабаттуу жана маданияттуу борушуна, бир тууган элдердин ынтымактуу жашоосуна болгон баардык илим-билимин жана күч аракетин жумшаган.

Тилеке каршы ал 4- сентябрь 1937- жылы жазыксыз айыпталып камакка алынып, 5-ноябрь 1938- жылы СССРдин Жогорку сотунун жана Аскер коллегасынын өкүмү менен атылган. Ошону менен бирге ага таандык болгон баардык менчик мүлк толугу менен конфискацияланган. 1991-жылы жазында Иманаалынын сөөгү тотолитардык режимдин курмандыгы болгон Чоң- Ташта көмүлгөн 137 адамдын өлүктөрүнүн арасынан табылган.

1957- жылы 1-октябрдагы СССР Жогорку сотунун чечими менен Аскер коллегасынын өкүмү жокко чыгарылган.