Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Залкар манасчы Чоюке

24 Сен 2013
2013-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басмалар бөлүмүндө белгилүү манасчы Өмүр уулу Чоюкенин 150 жылдыгына арналган «Чоюке – залкар манасчы» аттуу китеп көргөзмөсү өткөрүлдү.
Улуттук китепкананын директорунун илим боюнча орун басары Р. Буларкиев китеп көргөзмөсүн кириш сөз менен ачты. Ал манасчы Чоюке Омур уулу тууралуу окурмандарга кеңири маалымат берди.
Бул иш-чарага Кыргыз эл жазуучусу К. Ашымбаев, эл акыны Асан Жакшылыков, манасчы, дастанчы Сапарбек Касмамбетов, А. Усупбаев, Т. Бакчиев, “Айкөл Манас” фондунун төрагасы Б. Максүтовдор ЖОЖдордун студенттери катышышты. Жаш манасчы Дастан Бакчиев “Манас” эпосунан үзүндү айтып берди. Катышуучулар манасчы жөнүндо сөз сүйлошүп Чоюке да “Манас” айтууга жаш кезинен эле кызыгып, 17 – 18 жашынан баштап “Манас” айта баштаганын айтышып, 25-30 жашында эл аралап көпчүлүккө айтып чыккандыгын эскеришти.
Ал кадимки эле Саякбайдын устаты болгон. “Чоюке – чынар, мен чырпык, Чоюке – бүркүт, мен – чымчык” – деп өз кезегинде өзүнүн устатынын талантына манасчы Саякбай Карала уулунун берген баасы эле анын алдына киши салбаган мыкты манасчы болгондугун ачык айгинелеп турат деп баса белгилешти.
Манасчынын дагы бир шакирти Мамбеталы Ашымбай уулунун эскерүүсүнө караганда, Чоюке “Манасты” айтууда өз мезгилинде көлдүн төрүндө алдына эч кимди чыгарбаган. “Манас” дегенде баарын таштап коюп, ким чакырса эч токтолбостон кете берген киши болгон.
Ал айтылуу манасчылар Акылбек менен Тыныбектен үлгү алса да, эл аны өз устаттарынан да эң мыкты чебер айтат деп таасын баасын берген.
Манасчы үчилтикти “Манас”, “Семетей”, Сейтекти” толук айткан булардан башка да “Эр Төштүк”, “Жаныш-Байыш”, “Жүгөрү” сыяктуу дастандарды да айткан.
Чоюке Өмүр уулунун өз оозунан “Манас” жазылып алынган эмес. Бирок шакирттери Саякбай, Мамбеталы, Шаабайлардын варианттарын карап, “Манас” үчилтигин толук жана алардын уландысын да толук билет деп жыйынтык чыгарууга болот.
1924-жылы Чоюке Бишкекте өткөн элдик өнөрпоздордун кароосуна катышып өнөрүн тартуулаган.
Көргөзмөгө илимий жана маданий ишмерлер, манасчылар, студенттер, окурмандар жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.