Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Залкар талант — Барктабас Абакиров”

13 Май 2013
2013-жылдын 13-майда Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын «Кыргыз китеби» бөлүмүндө Кыргыз республикасына эмгек синирген ишмери, акын, журналист Барктабас Абакировдун 80 жылдык юбилейине карата “Залкар талант — Барктабас Абакиров” аттуу китеп көргөзмө өткөрүлөт.
Табият берген талантты аң-сезимдүү түрдө андай билип, аны балапандай куш кылып чыгарууга тынымсыз аракет жасаган акындар бар.
Барктабас “Залкар талант — Барктабас Абакиров”Абакиров адабиятка өзү айткандай, “Улар түнөп, улар учкан чокудан, тыкан басып турмуш сырын окуган”, “жылдыздарга аралашып уктаган”: карапайым малчылардын, темир булчуң данчылардын арасынан келди, алардын асыл касиеттерин, кажыбас эмгегин даңктап ырдоодон жазган жок.Чейрек кылымдын ар жак, бер жагын камтыган чыгармаларында тынымсыз изденүүлөрдүн үстүндө болуп, анын айрым кыйынчылыктарын жеңип, бөксөлүктөрүн толтуруп, ондогон китептерди чыгарууга жетишти. Албетте, акын үчүн өз үн, өз ыргагын табуу, ошого жараша жаңы сөз айтып калуу деген оңбогондой оор иш экендиги белгилүү. Анын тар жол, тайгак кечүүлөрү сансыз, андан жаза баспай өтүү акындын жекече, айрым учурда өтө эле коогалуу тажрыйбасына багыныштуу болот.
Акын Б. Абакиров сүйүү лирикасына да көп кайрылды. Кыргыздын салтту ырларын эске алган автордун көптөгөн арзуу ырлары өзүнүн мукамдуулугу, элестүүлүгү, реалдуулугу менен айырмаланып, лирикалык каармандын жан дүйнөсүнүн табигый көрүнүшү катары кабыл алган. Анын “Гүл сунуу”, “Карап койчу жылмайып”, “Арнадым көлдүн жээгинен”, “Айбыгып жүрөм”, “Арча бешик” жана башка ырлары композиторлор, обончулар тарабынан обон чыгарылып, эл оозунан түшпөгөн ырларга айланып жүрөт.
Көргөзмө эки бөлүктөн турат:
1. Акындын өмүрү жана чыгармачылыгы,
2. Акындын эмгектери.