Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун китеп көргөзмөсүнө чакырабыз

Залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун китеп көргөзмөсүнө чакырабыз
15 Янв 2026

2026-жылдын 15-январында А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө Кыргыз Республикасынын Баатыры, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз эл жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына арналган «Тарыхый чыгармалардын устаты – Төлөгөн Касымбеков» аталышында китеп көргөзмөсү уюштурулду.


Китеп көргөзмөгө жазуучунун жаш өспүрүмдөргө арналган, 1958-жылы жарык көргөн «Коке» (Көкө) повести, 1966-жылы басылып чыккан «Алымкан» поэмасы, 1966-жылы жарык көргөн «Сынган кылыч» тарыхый романынын биринчи китеби, 1979-жылы басылып чыккан, алты бөлүктөн турган ушул эле романы, 1986-жылы жарык көргөн «Келкел» тарыхый романы,Т. Касымбековдун 75 жылдыгына арналып Улуттук китепкана тарабынан түзүлгөн библиографиялык көрсөткүч жана жазуучу жөнүндө макалалар жайгаштырылды.

        

Т. Касымбековдун чыгармаларына кызыккан окурмандарды Улуттук китепканага чакырабыз.